
Ак-Ордо жаңы конушунун 27 жаштагы тургуну 20-февралда жазып-тайып, шайтан азгырып, жин жетелеп кечки саат тогуздар чамасында Бишкектеги "Акман” кафесине бара калбайбы. Ал жерден жолугарга жолукпай, өзүнөн кырдуурак (29 жашта) Элиза аттуу кызга кабылып, эмне болуп анын кыжырына тийип алганын ит билсинби, түгөт кыз тимеле "эзип” таштаптыр. Кол кайрыйын десе, Кыз Сайкалдай болгон немеге алы жетчүдөй эмес дейт. Айласы кетип арыз жазып алып милицияга барыптыр. Милиция: "... бул эмне кылганың” деп тиги кызга кайрылыптыр. Элиза кыз "арызды андай жазбайт, мындай жазат” деп туруп милицияга өзүнүн арызын бериптир. Ошону менен кыз-эркектин сабашынын аягы арыз менен уланууда. (М.Э)
Булак: Алиби”