25 февраля 2013, 11:05

Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча айыпталып жаткан А.Итибаевди сот өмүр бою эркинен ажыратты

Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча айыпталып жаткан А.Итибаевди сот өмүр бою эркинен ажыратты

Жогорку Кеңештин депутаты маркум Санжар Кадыралиевди атып өлтүргөн деген шек менен кармалып, айыпталып жаткан Алтынбек Итибаевди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту өмүр бою эркинен ажыратты. Сот өкүмү 22-февралда жарыяланды. Ал эми дагы бир айыпталуучу Мурасбек Маташев, жасаган ишинде кылмыш курамы жок деген себеп менен эркиндикке чыкты.

Алтынбек Итибаевдин жактоочулары жана жакындары Свердлов райондук сотунун өкүмүнө нааразылыгын билдиришүүдө. Итибаевдин агасы Медер Итибаев райондук соттун өкүмүн жокко чыгаруу арызы менен Жогорку сот бутагына, Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын билдирди.

ЖК депутаты, "Ак жол” партиясынын мүчөсү Санжар Кадыралиев 2009-жылдын 14-апрелинде Бишкектеги үйүнүн жанында атып өлтүрүлгөн. (Б.Э)

Булак: "Азаттык”

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter