25 февраля 2013, 13:24

Салык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

22-февралда президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2013-жылдын 19-январында кабыл алынган.

Мыйзам Салык кодексинин 334-беренесинин 8-бөлүгүнө (Жер салыгынын салык төлөөчүсү) толуктоо киргизген. Ага ылайык, «айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондундагы жерлерди пайдаланууга (ижарага) берүүдө ижарачы жер салыгын төлөөчү болуп саналат». Ошону менен бирге, 334-берененин 5 жана 7 бөлүктөрүнө тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген, ал эми 334-берененин 4-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter