26 февраля 2013, 08:20

Президенттин иш башкармалыгы деле апакай эмес..

Президенттин иш башкармалыгы деле апакай эмес..

Башкы прокуратура "24kg" маалымат сайтындагы 2013-жылдын 14-февралында жарык көргөн "Парламент.kg: моё собачье дело" аттуу макаласынан улам, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгындагы мыйзам бузуулар боюнча чыккан фактыларга карата кылмыш ишин козгоду.

Тактап айтканда , Эсеп палатасы жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгы менен 2011-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейин Жогорку Кеңеш жана анын структуралык бөлүмдөрү тарабынан бюджеттик жана атайын каражаттарды колдонууда кетирилген мыйзам бузуу фактылары текшерилген. Аталган башкармалыктын жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерди өткөрүүдө бааларды жогорулатып, «9 млн сом» деп көрсөткөнү маалым болгон.

Мындан тышкары Иш башкармалыктын жетекчилиги тарабынан «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамдын талаптары бузулгандыгы аныкталган. Же болбосо иш башкармалыгынын жетекчиси сектор башчысы кылып Т.С. аттуу адамды мыйзамсыз жумушка алып, айлык маянасы төлөнүп келген. Бул факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмачылык) боюнча кылмыш иши козголгон. 

Жогорку Кеңеште эл аралык парламенттик уюмдарда ЖКнын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана анын катчылыгынын ишмердүүлүгүн координациялоо боюнча атайын өкүлүнүн кызмат орду түзүлгөндүгү белгилүү. Башкы прокуратура бул жерде дагы каржычарбалык иштеринде мыйзам бузуулар катталгандыгын аныктаган. Буга кошумча «Алтын-Көл» пансионатындагы мыйзам боюнча Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан текшерилип жатыптыр. Башкы прокуратуранын Жогорку кеңештин Иш башкармалыгынын өкүлдөрүнө кылмыш ишин козгошуна Эсеп палатасынын актысы негиз болуп берүүдө.

Албетте, Башкы прокуратура ЖМКда жарык көргөн маалыматты иликтеп, Эсеп палатасынын актысын эсине алып, мыйзам бузууларды аныктагандыгы колдоого алаарлык. Кыргызда «Эрдик кылсаң, сүрө кыл» деген кеп бар. Биз билгенден Жогорку Кеңештин иш башкармылыгы буга чейин Президенттин иш башкармалыгына карап келген. Ошол жылдары, 1996-жылы Ташкул Керексизов иш башкармалыкты жетектеп турган учурда Аламүдүн районунун Заречное айылындагы бала бакчаны аталган башкармалыктын балансына алып, айылдын бөбөктөрүн ошондон бери кыштын ызгаарында, жайдын аптабында жөө-жалаңдатып кошуна айылдан окутуп коюп эле келе жатышат. Бүгүн Т.Керексизов абдан керектүү адам. Ал Көлгө бир эмес, эки ордо курду. Бирин сатып ийип, бири өзүнүн колунда болсо керек эле. Бул эми сөз арасындагы сөз. Биздин айтайын дегенибиз Керексизов тууралуу эмес. 

Убагында Аламүдүн районундагы Заречное айылындагы бала бакча Бакиевдин төшөк үйүнө айланганы туурасында жазып-айтып чыккан макаланын авторун Президенттин иш башкармалыгынын ошол кездеги жетекчиси К.Темирбаев сотко берип, Биринчи Май райондук соту К.Темирбаевдин кадыр-баркын жанталашып коргоп берген. Бүгүн ошол К.Темирбаевди, ага кошуп анын кадыр-баркын коргоп, туура эмес чечим чыгарган сотту да текшерүүгө эмнеге болбосун? Азыркысын айта албайбыз, Акаев менен Бакиев учурунда Президенттин иш башкармалыгы далай-далай мыйзам бузууларга барганы эч кимге жашыруун эмес. Бирок, качкын президенттердин атына жамынып, чалмакей салгандар арабызда сүттөн таза болуп жүрүшөт. Демек, логикага таянсак, Башкы прокуратура «ала койду бөлө кыркпай», Президенттин Иш башкармалыгынын ошол бир кездеги иштеринин былыгын чукуп чыкса, Акаев менен Бакиевдин Кыргызстанды кантип курутканы ачыкка чыкмак.(М.Э)

Булак: "Алиби"

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter