26 февраля 2013, 08:33

Элге цирк көрсөткөн Иса Өмүркулов менен Тайырбек Сарпашев

Элге цирк көрсөткөн Иса Өмүркулов менен Тайырбек Сарпашев

Жума ортосунда Бишкек мэри Иса Өмүркулов менен вице-премьер Тайырбек Сарпашев борбордун көчө аты эле бар аң-чөнөктөрүн кыдырып көрүп чыгышып, башты катуу чайкап, көчөлөрдүн ушинтип калганына абдан таңгалып кетишти. Көрсө алар бүт машине айдагандар билген көчөлөрдүн кебетесин буга чейин көрүшпөптүр. Кечээ экөө чыгып алып элдин алдында цирк көрсөтүштү. Ошо жерде мэр Өмүркулов Сарпашевге минтип «ыйлактады». Бир эле Салиева көчөсүнө мамлекеттик казынадан былтыр 30 млн. сом болгону 720 метр жолду жасоо үчүн бөлүнгөн, ал жерге япон технологиясы менен бетон төшөлгөн. Бул жолду курган «Мостдорстрой» деген компания экен.

Бир жыл бою жабылып 30 млн. сом жеген жол сөрөйдөн өткөн сайын айдоочулар мэрди акыркы сөздөр менен сөгүп өтөөрүн угуп эле жүрөбүз. Казынадан эптеп бөлдүргөн акчаны тыңгылыктуу пайдалана албаган мындай мэрдин  кереги барбы? Иса мырза, революцияга жасаган салымды колко кылбай, президентти да уят кылбай иштей албаган ийне тандайт болбой кетип эле калбайсызбы? Болбосо жолду жасагандар сизге баш ийбесе да, ал бүткөндөн кийин шаар башчы катары өткөрүп алып, анын жаман бүткөнүн былтыр  сиз биринчи болуп кыйкырып чыгышыңыз керек эле да. Жол жасалды демиш болгону менен тиги 30 млн. кулкунга куюлуп кеткенин элдин баары көрүп турат. Же андай эмеспи?! Бүгүнкү күндөгү эң жек көрүндү чиновник  экениңизди билесизби?

Атаңгөрү, Нариман эгер мэр болуп турганда жолдор мындай болмок эмес деп үшкүргөндөр азыр четтен чыгат. 

Булак: "Жаңы Агым”

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter