Байыш Юсупов Бакиев бийлигинин акыркы сааттарында Кара-Суу районунда аким болчусуз, деп жазат «Фабула» гезити 26-февралда чыккан санында.
2010-жылдын 7-апрель күнү райондук кеңештин бүт депутаттарын, райондогу аттуу-баштуу адамдарды топтоп, Курманбек Бакиевди коргоп, элдик төңкөрүштү айыптаган кайрылуу кабыл алдыртып, Бишкекке жөнөтүп, эски режимди сактап калууга жакшы эле аракеттенген элеңиз. Кийин ошол кайрылуунун тагдырына кызыктыңызбы, кайда калыптыр?
Экинчи суроо: мурда Кара-Суу шаарынын «Жаштык-Ак-Алтын» футбол командасын каржылап, жакшы меценаттык, мекенчил иш жасап жүргөн болчусуз. Ал команда убагында ийгиликтерге жетишип, Кыргызстандын чемпиону да болгон эле. Тилекке каршы, көп өтпөй эле жоюлуп кетти. Аскар Салымбековго окшоп аягына чейин туруп, эмне үчүн туруктуу меценаттык кылган жоксуз?, дейт гезит.