26 февраль 2013, 09:42

С.Жапаров Кумтөрдөн «доля» албай калганда, бул маселени көтөрүп чыкканбы?

Урматтуу Садыр мырза, сиздин «Кумтөр» алтын кени боюнча туура маселени көтөргөнүңүздө кеп жок. Бул тууралуу «Фабула» гезити 26-февралда чыккан санында маалымдайт.

Ал колдоого татыйт. Бирок, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген ал келишим кайра каралып, кол коюлган Бакиев режиминин тушунда Коррупциянын алдын алуу агенттигинин жетекчиси болуп туруп, ал кендин тегерегиндеги коррупция тууралуу бир ооз кеп айтып чыкпагандыгыңыз көпчүлүктү шекшитип, ирээнжитип келген эле.

Ушуга байланыштуу айрымдар: «Ал кезде Садыр Жапаров «Кумтөрдөн» белгилүү бир өлчөмдө «доля» - «сүтакы» алып турчу. Жаңы бийлик келгенден кийин канадалыктар ал акчаны Жапаровго бербей калган. Ал ошого өчөшүп, «Кумтөргө» каршы маселени көтөрүп чыкты» деген маалыматты айтып жүрүшөт. Мунун чын-төгүнү канчалык?, дейт гезит.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter