26 февраля 2013, 09:57

"Конок" кытайдын "жомогу"

"Конок" кытайдын "жомогу""Алиби" гезитинде ИИМ тарабынан Кытай мамлекетинин коопсуздук кызматы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Хуанг Гонгхуа аттуу кытай жаранын экстрадициялап, буга "кол кабыш кылган" 10-башкы башкармалыгынын кызматкерлерине Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогонун жазган эле. Башкы прокуратурадан бул боюнча "Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 19-беренесине ылайык, кылмыш иши боюнча жагдайлар ар тараптуу, толук жана объективдүү изилденүүдө" деген жооп келген.

Көп күттүрбөй Ички иштер министрлигинен да бул боюнча жооп келип, анда Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин Коомдук коопсуздук министрлигинин өкүлү Дай Сюйкуйдун катышуусунда кармалган Хуанг Гонгхуаны кармоо эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу келишимдин негизинде жүргүзүлүп, аталган жарандын мекенине өз ыктыяры менен кеткендиги айтылат. КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, «Хуанг Гонгхуа Кытайда адам өлтүрүүгө шектелген менен, Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жашап жаткан жана ага административдик чара көрүүгө да негиз жок болгон». Анда «Оперативниками 10-го Главного управления МВД Кыргызской Республики задержан гражданин иностранного государства, разыскиваемый у себя на родине за совершение тяжкого преступления. Задержанный Хуанг Гонгхуа (Huang Gonghua) экстрадирован в КНР» деп кыргызстандыктарга жар салыштын кажети бар беле? Иш жүзүндө ИИМдин малыматына таянсак, «Хуанг Гонгхуа жеке иштерин бүтүрүү үчүн өз эрки менен Кытай Эл Республикасына барып келүүгө макул экенин билдирген». «Кытай Эл Республикасынын элчилигинин өкүлү жеке өзүнүн жана коомдук коопсуздукту сактоо максатында, аны жана аны менен бараткан сапарлашын Кытай Республикасынын Үрүмчү шаарына чейин узатып баруу үчүн КР ИИМине эки кызматкер бөлүп берүү суранычы менен кайрылган, ошол себептен эки кызматкер Үрүмчү шаарына кызматтык иш сапарга жөнөтүлгөн» экен. Ошентип ИИМдин маалыматы бирине бири карама-каршы келет. Кыргызстандын аймагында мыйзам бузбаган жана жеке иштерин бүтүрүүгө кетип бара жаткан кытайды, келишимди бетке кармап эки кызматкерди кызматтык командировкага (мындай болгондон кийин ИИМ тарабынан каржыланат) жибериштин кажети канчалык эле? Буга мыйзам жол береби? Жер жүзүнө батпаган кытайлардын канчасына өз мекенинде кылмыш иши ачылганын ким билет? Кыргызстандын мыйзамын бузбай, бирок өз мекенинде кылмышка кириптер болгон кытай жана башка чет элдик жарандарды кармоодо эки тараптуу келишимди бетке кармап, коопсуздук кызматынын өкүлү «жеткирип койгула» деп суранса эле, кызматкерлерди кошуп берүү мыйзамга туура келеби? Бул кимдин эсебинен каржыланат? Айтор, суроо көп.

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси 2012-жылдын 10-августунда өзгөртүү киргизилген «Кылмыш Кодексинин 433-беренесин ИИМдин кызматкерлери бузган эмес» деп маалымдады. Алардын пикирине таянсак, Хуанг Гонгхуа Кыргызстандын мыйзамын бузган эмес, Кытайга деле өзү көптөн бери барууга ниеттенип жүргөн экен. Анда эмне үчүн ИИМдин басма сөз кызматы 10-башкармалыктын кытайды кармаганын, «экстрадицияланганын» маалымдап жиберип, кийин ММКларга тактоо киргизди. Эмне үчүн Башкы прокуратура, ИИМ 433-беренени бузбаса, кылмыш ишин ачып, иликтеп жатат?

Тактай кетүүчү жагдай, ИИМдин басма сөз кызматы: «Гезит бетине жарыяланган макалада көрсөтүлгөн «Дордой» базарындагы Хуанг Гонгхуанын бир канча контейнери, эки миллион сомдук товарлары, автоунаалары Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан тартылып алынгандыгы далилденбеген маалымат, анын «Жунхай» базарындагы жалгыз контейнерин азыркы күндө жакын тууганы иштетип жатат» деп билдиришкен. Макалада «Мынча болду Башкы прокуратура Хуанг Гонгхуанын «Дордой» базарындагы бир канча контейнери, 2 миллион сомдук товарынын, автоунааларынын «тагдырына»кызыгып көрсө, далай кептин башы чыгат беле? Балким, ИИМдин 10-башкармалыгы Башкы прокуратура менен эсептешпей кытай жаранын «узатып» жибергенине караганда, кызыкчылык бар болушу мүмкүн беле же жокпу?» деп гана суроо коюлгандыгын, «кытайдын жаранынын товарын милиция кызматкерлери тартып алды» деген маалымат берилбегендигин тактап коюуну туура таптык.

Жыйынтыктап айтканда, эки тарап өз маалыматын берген менен, «табышмактуу кытайдын» тагдырына байланыштуу жагдайда Башкы прокуратура 10-башкармалыктын кызматкерлерине негизсиз кылмыш иш козгодубу же ИИМ кемчилигин жаап-жашыра албай жатабы, айтор, маселе дагы деле туюк бойдон калды. (М.Э)




Булак: "Алиби"
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Айбек Медетов
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter