26 февраль 2013, 09:59

Орусияда легалсыз кармалган 40 мигранттын арасында кыргыздар да бар

Орусиянын Ярослав облусунда легалсыз келген мигранттардын арасында кыргызстандыктар да бар. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазат.

Анда белгилүү болгондой, федералдык мигранттык кызматынын кызматкерлери рейд учурунда бир заводдо иштеген 40 мигрантты кармашкан. Алардын 26сы тажик улутундагылар болсо калганы Кыргызстан, Өзбекстан жана Азербайжандан баргандар. Мигранттар заводдун кампасында иштешкен. Заводдун дубалдарын оңдоп ошондой эле курулуш таштандылары менен алектенишкен.  Текшерүүдөн кийин ишкананын ээсинин ким экендиги тактала элек, ошондуктан завод убактылуу жабылды.

Мындан сырткары, заводдо иштеген чет элдик жарандардын жумушка уруксат кагазы жок болуп чыккан. Кээ бирлеринин мөнөөтү өтүп кеткен. Алар федералдык мигранттык кызматкерлери келгенде жашынып жана качууга аракет жасашкан. Бирок баары кармалган.

Текшерүүдөн кийин административдик протоколдор түзүлгөн. Ал эми мигранттар 100 миң рублдан айып пул төлөшөт. 


булак:kyrguz today
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter