26 февраля 2013, 10:09

ЖК комитети БШК төрагасы Т.Абдраимовдун депутаттардан мыйзамсыз акча чогултуу фактысын карайт

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитети бүгүн, 26-февралда борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун үстүнөн келип түшкөн арызды кийинки жыйында кароону чечти.

«Кыргызстан жаштар кеңешинин» төрагасынын орун басары Жеңиш Молдакматов бүгүн комитет мүчөлөрүнө атайын кайрылуу менен кайрылып, 2012-жылы 25-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңешти шайлоодо эл тарабынан шайланган депутаттарга төш белги жана мандат тапшыруу үчүн ар бир депутаттан 700 сомдон чогултуп, 4 млн 90 миң сом мыйзамсыз жыйнаганын билдирди.

«Мындан тышкары дагы бир катар жаңы фактылар бар. Бул маселени карап комитеттин тийиштүү чечимин чыгарып берүүңүздөрдү суранабыз», - деди ал.

Комитет төрагасы Кенжебек Бокоев жыйынга БШК төрагасы Т.Абдраимовдун жана Башкы прокурор Аида Салянованын келбегенин айтып, кийинки жыйында бардык тараптын катышуусу менен карап чыгуу керектигин билдирди. «Анткени, Т.Абдраимовдун мыйзамсыз акча чогулткандыгы боюнча фактылар айтылып жатат. Ошондуктан өзү келип катышуусу керек», - деди ал.

Ж.Молдакматов мындан тышкары депутаттардан УКМКдан тийиштүү өкүлдөрдү чакыруусун суранды.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter