26 февраля 2013, 11:19

Наристени өлүмдөн куткарган жаран сыйланды

Наристени өлүмдөн куткарган жаран сыйланды

Бишкек шаарынын тургуну, "Жакындык" жоопкерчилиги чектелген коомунун жыгач устасы Жумабек Жороев 2013-жылдын 26-январы күнү өз өмүрүн тобокелге салып, 2 жаштагы Абдулло Исмаиловдун өмүрүн сактап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын тургуну Мехрибан Сайфудинова кат аркылуу министрликке кайрылган. Билдирүүдө 2013-жылдын 26-январь күнү Сайфудинова таштанды төгүү үчүн эки жашар Абдуллону ээрчитип көчөгө чыгып, наристени жол боюна калтырып коюп, таштандыны төгүп келгенче, кичинекей Абдулло Чоң-Чүй-Каналына түшүп кеткен. Аны 4-кабатта жашаган бейтааныш аял балкондон көрүп, кыйкырып жатканын жолдон өтүп бараткан Жумабек Жороев угуп калып, дароо өзүн сууга таштап, Абдуллону суудан алып чыгат. Окуя болгон жерге медицина кызматкерлери чакырылып, Абдулло оор абалда тез жардам кызматкерлеринин жардамы менен ооруканага жеткирилип, реанимация бөлүмүндө бир аптадан ашык дарыланган.

Азыркы учурда Абдуллонун абалы канаатандыраарлык.

КР Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Мехрибан Сайфудинованын министрликке жазган билдирүүсүн карап чыгып, Абдуллону куткарып калган Жумабек Жороевди КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн" төш белгиси менен сыйлады.

булак:vb kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter