26 февраль 2013, 11:44

3 тонна алтын Турцияга ташылып кеткенби?

2011-жылы Турцияда жер титирөө болуп,Кыргызстан да гумжардам жөнөтмөк болот. Бирок, ЖК депутаты С.Жапаров ошол гумжардам менен кошо 3 тонна алтын чыгарылып кетип жатканы жөнүндө маалыматты угуп аэропортко барат.Ал жактагылар ар кандай шылтолорду айтып самолет учпай калды болуп,Жапаров кайра артка кетет. Эртеси кайра барат. Анда да шылтоолор айтылып,депутат кеткен соң, учак түн жамынып Турцияга учуп кетет. Ал жактан жакшынакай эле конуп,анан негедир катарында турган башка бир самолеттун канатын кагып алат. Ушул шылтоо менен Кыргызстандан барган самолет атайы ангарга киргизилип,жүк ошол жерден (жабык эшик артында) түшүрүлүп калат. Бул маалымат Кумтөр маселеси Жогорку Кеңеште каралып жатканда парламент трибунасынан «Ар-намыс» фракциясынын депутаты Бөдөш Мамырова тарабынан айтылды. Анда, Б.Мамырова: «Бул жана да башка маалыматтарды билген Садыр Жапаровду эмне үчүн парламентке алып келип чын-бышыгын анын өз оозунан угуп,тактап алгандан тайсалдап жатабыз?» деген суроосун сунду.(Бирок,айрымдары канчалык аракет кылышканы менен абактагы депутатты алып келүүгө жол берилбеди.) Кызык жагдай,эгер аталган маалымат чын болсо анда 3 тонна алтынды кимдер чыгарып кеткен?

булак:назар пресс

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter