26 февраля 2013, 12:58

Марс Сариев: Бийлик менен оппозиция биргелешип мамлекетти коргобосо, Батыш өз кызыкчылыгын ишке ашырып кетиши мүмкүн

— «Кумтөр» компаниясынын ишмердүүлүгү боюнча өкмөттүн токтому учурдагы кырдаалды жумшартышы мүмкүнбү?

- Менин оюмча, «Кумтөр» боюнча кабыл алынган өкмөттүн токтому кырдаалды ого беш бетер курчутуп жибериши мүмкүн. Эмне себептен? Туура, өкмөттүн токтому чыкты. Ошол эле учурда «Центерра Голд»: «Биз «Кумтөр» боюнча 2009-жылы түзүлгөн келишимди толук түрдө мыйзамдуу деп эсептейбиз. Себеби, ал Кыргызстандын бардык бийлик тепкичтеринде талкууланып, жактырылган» деп жатышат. Демек, алар биз менен компромисске барбай, тирешип жатышат. Ошол эле учурда «Центеррада» Кыргызстан тараптан дагы акционерлер бар. Алар дагы каршы чыгышат. «Кумтөр» боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссия Акаевден тарта келишимдерди түзүүгө тиешеси бар чиновниктерди казып чыгып жатат. Алар дагы жөн жатпайт. Ага кошулуп, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровдун электораты турат. Ошол эле учурда Бакиевдерди соттоду. Курманбек Бакиев 24 жылга, Жаныш Бакиев болсо өмүр бою эркинен ажыратылды. Булар дагы эми жөн жатпастан өз электоратын көтөрүүгө аракет кылат.

- Бул суроону берип жатканыбыздын себеби, оппозициянын негизги куралы эле «Кумтөр» болчу да?

- Туура, оппозиция дал ушул «Кумтөр» маселесин көтөрүп чыккан. Бирок, алар азыр абакта отурушат. Ушул эле маселени көтөрүү менен бирге башка дагы параллель процесстер жүрүп жатат. Мына, Ташиевдердин сот процессине Үсөн Сыдыков келип катышты…

Негизи мамлекеттик комиссиянын жасап жаткан аракеттери юридикалык жактан абдан туура. Бирок, ал келишимдердин түзүлүшүнө малынып калган, кол койгон адамдардын пикири башка болуп жатат. Биз азыр көп нерсени сезбей жатабыз. Ушундай эле юридикалык жактан туура кадамдарды жасаган Югославияда эмне болду эле? Ошол эле сыяктуу биздин мамлекетте дагы башка оюндар ойноп кетиши мүмкүн. Анткени, биздин саясатчыларды азыр Батыштагы чоң оюнчулар көзөмөлгө алып турат. Ошол эле Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдер «Кумтөр» маселесин өлкөнүн келечегин ойлоп көтөрүп чыккан деп жатасыңарбы? Бекназаров бир учурда Үзөңгү-Куушту көтөрүп чыккан сыяктуу эле биринчи кезекте алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөгөн. Азыр Бекназаров Үзөңгү-Куушту ойлоп жатабы? Эптеп эле революция жасоону өнөкөткө айлантып алды. Өлкөнүн, элдин кызыкчылыгын ойлогон деле жок. Качан болсо кыйкырып эле, бийликти жамандап, элдин көңүлүнүн борборунда болууну самайт. Ошондуктан жогоруда аттары аталган саясатчылар «Кумтөр» маселесин биринчи кезекте өздөрүнүн саясый жүрүшү үчүн, бийликти алсыратууга карата көтөрүп чыгышкан.

- Абакта жаткан ошол үч «атажуртчунун» саясый кырдаалга таасири кандай болот?

- Жаз айларында алар абакта тынч отура берсе дагы, Бакиевдер жөн отурбайт. Себеби, алардын бирөөсүн 24 жылга, бирөөсүн өмүр бою эркинен ажыраткан соттун чечими чыккан. Анан алар жөн жатмак беле? Өздөрүнүн адамдары аркылуу болгон аракеттерин жасашат. Анан түштүктүн эли толкуп чыгышы мүмкүн. Анын артынан түндүктөгү элита дагы кошулуп кетиши күтүлөт. Себеби, ошол оппозиция жээгиндеги саясатчыларды «Силерди бийлик ойлобой жатат» деп Батыш түрткүлөп турат. Анын натыйжасында Егпеттеги сценарий ишке ашып кетиши мүмкүн. Бизде башка жаңы элита жок. Алар мамлекеттин бүтүндүгүн, кызыкчылыгын ойлобой эле, «бири өлүп, бири тирүү калыштын» амалын жасап жатышат.

- Мындай катачылыктарга алдырбоо үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

- Азыркы бийлик дагы, оппозиция лидерлери дагы ойлонуп, сүйлөшүүлөргө барышып, тил табышуу керек. Азыркы бийлик тарабынан «Кумтөр» маселеси туура көтөрүлүп жатат. Бирок, ага тиешеси бар мурунку жетекчилер жоопкерчиликтен кутулуу үчүн бардыгына барышат. Ошол эле учурда Америка базасы 2014-жылы Кыргызстандан чыгарылганы турат. Ага жараша Батыш дагы оппозициядагы саясатчыларды бийликке каршы күүлөйт. Кыскасын айтканда, бизде азыр өлкөдөгү стабилдүүлүктүн жок болуп кетишине бир топ негизидер бар. Алар «Кумтөр» маселеси, Бакиевдердин электораты, Ташиев-Жапаровдордун электораты, Америка базасы. Булардын бардыгы үчүн бийликти күнөөлөп, жакшы каражаттар менен Батыш башаламандык кылууга барат. Ошондуктан «Бизди сырткы күчтөр пайдаланып кетип, талкаланып калбайлы. Ливия, Сириянын кейпин кийбейли» деп бийлик менен оппозиция сүйлөшүүгө барса туура болот. Анткени буга чейин Батыш өзүнүн аракеттерин жасап келди. Биздин өлкөдө динийи жактан ...

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter