26 февраля 2013, 13:08

Артур Медетбеков: 15-апрелде түнкүсүн убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “тревога” кылып, ошол эле Дүйшебаев мага карап орусча “спаси нашу задницу, вы должны поехать на юг” деп айтты


Артур Медетбеков: 15-апрелде түнкүсүн убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү “тревога” кылып, ошол эле Дүйшебаев мага карап орусча “спаси нашу задницу, вы должны поехать на юг” деп айтты

Артур мырза, 7-апрель окуясына 3 жылдын жүзү болгону турат. Бул окуя боюнча башталган сот аягына чыкчудай эмес. Сиз дагы сот отурумунда көрсөтмө бердиңиз. 7-апрелде тынчтык митинги болгонбу же куралдуу төңкөрүшпү?

- Ачуу болсо да чындыкты айтыш керек. Апрель окуясында мамлекетибизде жөнөкөй жарандарды жоготуу болду. Ал күн курман болгондордун жакындары, жарадар болгондор, мүлкүн уурдаткандар, мекемелери өрттөлгөндөр, жалпы эле кыргыз эли үчүн трагедия. 7-апрелге байланыштырып сот жообуна тартылып жаткан укук коргоо кызматкерлери өздөрүнүн уставын так аткарганына карабай кандайдыр бир жоопкерчиликти алышты. Ошол күнү тынчтык митинги болгон деп айтып жатышат. Мен тынчтык митинги Атамбаевдин "Форум” ишканасынын жанына адамдар чыгып, милиция кызматкерлерин, "Альфанын” балдарын сабап, тепкилеп, курал жарагын тартып алып, машиналарды өрттөп баштаганда эле бүткөн деп айтат элем. Курал жаракты тартып алгандан кийин Бишкек шаарында тынчтык митинги болгон эмес. Себеби, алар автомат, граната, пулемёт, гранатомёт, снайпер менен куралданып калышкан. Абдан көп курал алып коюшкан. 7-апрелде УКМКдан БТРди айдап чыгып, Ак үйдү аткылап жатса, кайдагы тынчтык митинги болот? Бирок чын жүрөгү, ак нийети менен митингге чыккандардын ишин, элдин арасында жүргөн бир нече топ болгон акмактар каралап туура эмес жолго салып, кандуу окуя болушуна шарт түзүштү.

- Сот жообуна тартылып жаткан аскер кызматкерлериндин курал менен келген адамдарды атканга укугу бар беле?

- Улуттук коопсуздук комитетинин, Мамлекеттик күзөт кызматынын, ИИМдин өздөрүнүн мыйзамдары бар. Андан сырткары ошол мыйзамдарга ылайык инструкциялары болот. Ошол мыйзамдарга, куралдуу күчтөрдүн уставына таянсак, эгерде кайтарууда турган объектке куралдуу кол салуу болсо, имараттын эшик, терезелерин талкалап, машина менен кирүүгө аракеттер жасалса, кызматкерлердин өмүрүнө коркунуч туудурса, кайтарууда турган кызматкерлердин аларга карата ок атууга толук укугу бар. Ал тургай бер жактан өздөрүн көздөй ок атуу болсо, буйрукту күтпөй ок атууга укуктуу.

- Сиз 7-апрелден кийин Убактылуу Өкмөттүн кайсыл мүчөсүнө жолуктуңуз эле?

- 7-апрель күнү биз түшкү саат он эки жарымда Чүй проспектиси аркылуу Алматы көчөсүн көздөй машина менен баратканда, топ болгон балдар таш менен уруп, көчө тазалап келатышыптыр. Биз башка көчөгө бурулууга аргасыз болдук. Ошол эле күнү бизге, террорго каршы ветерандар уюмуна Улуттук банкты, Телеком, Мегаком, Билайн, БТА банк, "Манас" банкын, АУБду мародерлор басып алышып, чоң суммадагы акча сурап жатышыптыр деген маалыматтар түшө баштады. Мындай маалыматтар келген соң мен ветерандарды чогултуп, аларды сактап калууга жардам берели дегем. Улуттук коопсуздук кызматына кирсем Дүйшебаев иштеп баштаган экен. Абалды түшүндүрүп, Телеком, Мегаком стратегиялык объект, аларды сактап калуу үчүн силер уюштуруу иштерине жардам беришиңер керек десем, ал киши "Менин азыр башым айланып турат. Мага жардам бер, "Альфанын” балдарын да алгының. Сен мурун да бул кызматта иштегенсиң” деди. Мен макул болуп, ветерандарды, "Альфанын” балдарын алып Улуттук банкка, АУБга барып кайтарууну күчөттүк. "Манас" банкына барсак 300–400 бала мына өрттөйбүз деп турган экен, аларды токтоттук. Мегаком, Билайнга барсак бир топ балдар Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн аттарын айтып кирип алышыптыр. Совет көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилишкен жеринде 2000 миңдей бала жогоруну көздөй жолдогу магазиндерди талкалап баратышыптыр. Аларды Октябрь РОВДсынын начальниги Кулуев менен биргеликте токтотконбуз. 7-апрелден кийин Дүйшебаевдин кайрылуусунун негизинде жардам бергем. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасынан биринчи болуп ошол киши менен таанышып, сүйлөшкөм.

- Андай болсо сизди жумушка Дүйшебаев өзү алганбы?

- Эки күн өткөндөн кийин бизди чакырышып, Убактылуу Өкмөттүн баардык мүчөлөрү менен тааныштырып "Ушул киши Коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштесин. Президент түштүккө учуп кетти. Аларды кармоо боюнча операция жүргүзүңүз?” деп калды. Ал жакка баралбайм. Ал жакка баштап бара турган адам Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болуш керек. Мен Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү эмесмин. Өзүңөр баштап баргыла, жардам берейин десем, бирөөсүнүн да баргысы келген жок. Баары баш тартып туруп алышты. "Ышкырыгы таш жарат” болуп ар кимисинин сүйлөгөнү "Аларды самолёт менен барып бомбалаш керек, толугу менен жок кылыш керек” деген сөздөр болуп жаткан.

- Артур мырза, Дүйшебаев "Артур бизге жардам бер. Бакиевди өлкөдөн чыгарып Убактылуу Өкмөттү сактап кал” деп ошол кезде айтты беле?

- Бакиев Бишкектен 7-апрель түнү чыгып кеткен болсо, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүндө 15-апрелге чейин "Альфанын” балдарысыз эле кармоого жетиштүү убактысы бар болгон. Бирок, Убактылуу Өкмөт аларды кармоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн ордуна, "Силер баргыла, ошол жерден жок кылгыла” деп олтуруп алышты. Дүйшебаев акырында "Силер барбасаңар болбой калды. Бакиевдер Жалал-Абаддан Ошко кетишиптир, элдин баарын чогултуп жатыптыр. Кыйын болуп калды” түндүк менен түштүктүн ортосунда согуш чыгышы мүмкүн деди. 15-апрелде түнкүсүн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү "тревога” кылып, ошол эле УКК башчысы Кеңешбек Дүйшебаев мага карап орусча "Спаси нашу задницу, вы должны поехать на юг” деп айтты.

- Жалал-Абадга барганда кимден буйрук алып турдуңуздар?

- Биз бул жерден 35 киши Ошко самолёт менен учтук. Оштон Жалал-Абадды көздөй баратканыбызда бул жактан телефон аркылуу "Бакиев Өзгөнгө келип калыптыр” деген тапшырма алдык. Балдар бир жарым саат көпүрөнүн үстүндө балчыкта "засадада” жатты. Келген жок. Көрсө алар эбак эле өтүп кеткен экен. Жалал-Абадга барганда Курманбек Бакиевдин туугандары аркылуу өзүнө чыгып, мени менен төрт киши аны менен сүйлөшүүгө бардык. Көпүрөнүн, үйүнүн жанынан көкүрөгүбүзгө автомат такап, текшерүүдөн өткөрүштү. Курманбек Бакиев менен жолукканда "Сенин келериңди билгем. Түшкө кирбей турган окуя кандай болуп кетти? Мен түшүнбөй калдым. Эмне болуп жатат?” деп сурады. Көрсө Убактылуу Өкмөттүн бир мүчөсү телефон чалып, биздин бара турганыбызды айтыптыр. Андан тышкары Бекназаров, Атамбаев Ак үйдүн алдындагы жаштардын ооздорун басыш үчүн, телевизорго чыгып, Бакиевти кармоо боюнча спецоперация өткөзүп жатабыз деп алдын ала жарыялап жиберишиптир. Курманбек Бакиев менен сүйлөшүп жатканда ага телефон чалуу болду.

Белоруссиянын президенти Лукашенко чалган экен. "Мына Лукашенко телефон чалды. Ал куралдуу төңкөрүш болгонун айтып жатат” деди Бакиев. Мен Убактылуу Өкмөттүн атынан келдим. Сизге өлкөдөн чыгып кетүүгө "зеленый коридор” түзүлүп жатат десем, "Мага ошол боюнча алардын мандаты керек” деди. Дүйшебаевге, Отунбаеванын кабылдамасына чыгып, окуяны айттым. "Сен Бакиевди эптеп чыгарып жибер. Биз аны аэропорттон алып келип, көчүрмөсүн факс менен жиберебиз” деген жооп болду. Жаныш Бакиевге "Сиз колго түшүп беришиңиз керек. Баары бир тирүүлөй жөн койбойт. Элдин алдында окуя кандай болгонун айтып бер” десем, ал "Биринчи болуп өздөрү ок чыгарган. Ошондон кийин мен буйрук бергем. Эл аралык комиссия келип окуяны иликтесин. Менин генералдык сөзүм, куралдарды өткөзүп берем, колго түшөм” деп жооп берди. Короого чыгып, Отунбаева менен сүйлөшкөнүмдө "Казакстандын самолёту учуп келди. Ошону менен Курманбек Бакиевди чыгарасың” деп айтты. Ошол кезге чейин Отунбаева да, Дүйшебаев да бизге Бакиевди өлкөдөн чыгарасыңар деп айткан эмес. Аэропортко Курманбек Бакиев менен кошо төрт машинада Бакыт Калыев, туугандары келген. Аялы эки баласы менен башка машинада келди. Бакиев баары менен коштошуп учуп кеткенде, биз Бакыт Калыевге "Сен тынчтык жолу менен колго түшүп бер” деген сунуш айттык. Ал аргасыздан макул болуп колго түшүп берген. Отунбаева, Сариев, Дүйшебаев телефон чалышып, ырахмат айтышкан. Калыевти кармап Жанышты кармоо операциясын уюштуруп, шаардан чыгып кетүүчү жолдорго Жалал-Абад УВДсын жана СНБнын кызматкерлеринен турган атайын күзөт постторду койдук, түн кирип кеткен, эгер Бакиевдин үйүнө штурм жасасак, көп киши каза болмок. Себеби короосунда 100дөн ашык жаш балдар, аялдар, чалдар "живой щит” болуп жүрүшкөн. Андан тышкары Калыевти бошоткула, болбосо СНБны басып алабыз деп 300гө жакын туугандары талап жасашты. Ошол эле убакта Жалал-Абад облусунун көпчүлүк УВД кызматкерлери жумушун таштап, Убактылуу Өкмөткө каршы чыга баштады. Ошондой акыбалда, Жаныш Бакиевди күч менен кармоо өтө кыйын болуп калган. Мунун баарын түшүнбөгөн "азаматтар”, көп адистер жана адис эмес "шакалдар” жер тепкилеп, оозунан түкүрүгү чачырап, кыйын болуп "мындай кылыш керек эле” деп ар кандай ушактарды учуруп жүрүшөт. Тилекке каршы, эртеси 6 кишиден турган топ, 5 автомат алып, Жанышты үйүнөн кармап чыгууга аракет жасаганыбызда, 100дөн ашык аялдар, чалдар кыйкырып, бизди жарым саатка барымтага кармап, араңдан зорго кутулуп чыкканбыз. Дагы бир жолу "обыск” жасап, Жанышты тапкан жокпуз. Райымбердиевди да кармап бергиле деп суранган. Биз аны кармаганбыз. Бирок, Убактылуу Өкмөт эки күндөн кийин бошотуп жиберишкен. 19-апрелде шаарга келсек, бул жакта Маевка окуясы башталып кеткен экен. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү 5–6 саат "Эмне кылабыз?” деп катуу талкуулап атыптыр. Алар бир чечимге келгиче, бир нече киши каза болуп, талап-тоноочулук болуп кетти. Кечкисин жыйналыш өткөрүп "Биз сизди жумуштан алып жатабыз. Отставкага кетиңиз” дешти. Отставкага кетейин деп кадрлар бөлүмүнө кирип сүйлөшсөм, мени Убактылуу Өкмөт буйрук же декрет чыгарып жумушка албаптыр. Муну 19-апрелде билип атам.

- Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү Бакиевди кармаганы баргандан коркушса, Маевка окуясын алдын алалбаса, булар бийлик үчүн гана күрөшкөндөрбү?

- Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү "халявщиктер” экен. Революция жасадык деп жатышпайбы. Революция деп айта турган болсок, аны Убактылуу Өкмөт эмес, каза болгондор, жарадар болгон азаматтар жасады. Ошолордун каны менен булар бийликке келип алышты. Бакиевди биздин аркабыз менен өлкөдөн чыгарып жиберишти. Маевканы укук коргоо кызматкерлеринин жардамы менен араң дегенде токтотушту. Булар жакшы иштерди өзүнө, жаман иштердин баарын башкаларга шылташкандар экен. Өздөрүнө чаң жугузбай, аппак көрүнгүсү келди. Анткен менен алар ыплас иштерге барганын көрсөтүп коюшту.

- Азыр деле Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бийликте турбайбы. Ошондон бери кандайдыр бир натыйжа чыгарыштыбы?

- Апрель айында болуп өткөн окуялардан кийин булар чоң жыйынтык чыгарыш керек болчу. Анын ордуна туура эмес башкаруу системасын колдонуп, көрүнгөн дарактын баарын Акаевдин, Бакиевдин кишилери деп олтуруп, ыңгайсыз абалды түзүп коюшту. Жалал-Абад менен Оштон бир топ маалыматтар келген. Билесиз да Жалал-Абад шаарында бир топ тополоңдор чыгып турган. Аларга анализ жүргүзбөй, аягы Оштогу кандуу окуяга алып келди. Кандуу окуянын алдында "чара колдонуш керек” деген маалыматтар келген. Алар кенебестик, кайдыгерлик кылышып, өздөрүнүн иштей албай тургандыктарын көрсөтүшкөн. Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева "Биз кандуу окуяны 11-июнда эмес, 22-июнда күткөнбүз. Биздин негизги максат референдумга даярдануу болчу” деп айтып чыкпады беле. Убактылуу бийликтегилер референдумду өткөзүп алууну гана көздөгөн. Ош окуясы боюнча Убактылуу Өкмөт толугу менен жоопкерчиликти тартыш керек. Мезгили келгенде ошол кандуу окуя үчүн Убактылуу Өкмөттөгүлөр сот алдында жооп беришет деп ойлойм. Муну тарых өзү далилдейт.

- Апрель окуясы боюнча мурунку бийликти гана сот жообуна тартып жатат. Ошол кездеги оппозиция элди топтоп, курал менен Ак үйгө алып келгендиги үчүн да жоопкерчилик тартыш керек да…

- Мен мындай деп айтаар элем. Мурунку бийлик акыркы кездерде туура эмес, ыплас жолго түшүп кеткени, тарифтерди орунсуз көтөрүп жибергени анык. Бийликти сактап калыш үчүн мыйзамга такап, укук коргоо органдарын пайдаланышты. Ошол эле учурда митингге чыккан жаш балдар жөн эле топтолуп калган жок да. Аларды дагы үстүртөн айдактап, түртүп жүргөн оппозиция лидерлери болгон. Бирок, алар өздөрүнүн алибисин даярдап, кээ бирлери "биз саат төрттө камактан бошодук” деп жатышпайбы. Кандай болгон күндө дагы аянтка келген балдарды уюштуруп жүргөн башчылары бар болчу. Ошолор аягына чейин балдардын коопсуздугу үчүн күйүп, шаардагы талап-тоноочулукка жол бербей тынчтык митингин өткөзгөндө туура болду деп айтсак болот эле. Тилекке каршы андай болбой калды. Балдарды айдактатып, аянтка алып келген, ар кандай ураандар менен чакырган оппозиционерлер-провокаторлор да жоопкерчиликти тартыш керек.

- Сот жообуна тартылып жаткан Коопсуздук кызматынын мурунку башчысы М. Суталинов сотто "Биз бийликти тынчтык жолу менен арыз жазып Убактылуу Өкмөткө өткөрүп бергенбиз” деп айтты. Кечки саат сегиздерде бийлик утурумдук бийликке өтсө, андан кийин деле ок атуу болуп, балдар каза болбодубу. Аларга ким жооп берет?

- Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү мурунку бийликте олтургандарды эки жолу качырды. Биринчиси, ошол күнү Ак үйдүн алдында балдар окко учуп жатса, булар ич ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, президент, премьер-министрди баш кылып коридор түзүп берип, шаардан чыгып кетүүсүнө шарт түзүп беришкен. Эл үчүн күйсө ошондо эле аларды кармаса болот болчу да. Бул алардын бийлик үчүн гана барганын билдирет. Өкмөт башчысын баш кылып арызын жаздырып, кызматтан алууга Убактылуу Өкмөттүн укугу жок болчу. Булар муну менен көчөдөн барып эле бийликти күч менен тартып алган болуп калды. Андан кийин өздөрүн өздөрү шайлап, ар кайсыл жерге барып олтуруп алышты.

- Сиз жумуштан кеткенден кийин деле бир топ кандуу тополоңдор болду. Ошондо Убактылуу Өкмөт тараптан иштеп бер деген сунуш болдубу?

- Бакиев өлкөдөн чыгып кеткенден кийин бир жумадан соң Роза Отунбаева Эдил Байсалов аркылуу чакыртып, сүйлөшүү болгон. Жаңы башкармалык түзүп, мурунку бийликтин өлкөдөн чыгарып кеткен активдери боюнча иш жүрө баштаган. Биз өзүнчө комиссия түзүп, Германияга 6 күнгө командировкага барып, Максим Бакиев январдын аягында чыгарып кеткен 400 млн еврону кайсыл банкка которгонун, счетун да Отунбаевага жана Генпрокуратурага бергенбиз. Жетекчилердин милдети Латвияга сүйлөшүүгө чыгып, ал акчаны кайтарып алуу эле. Бирок, Латвия Отунбаева менен сүйлөшпөй койгон. Анткени, Убактылуу Өкмөт туура эмес саясат жүргүзүп, башка мамлекеттин жарандарынын жеке менчиктерин улутташтырып таштаган. Кийин түштүктөгү кандуу окуя чыгып кеткенден кийин, биз өзүбүз топ түзүп барганбыз. Убактылуу Өкмөткө кайрылганыбызда алгач макул болуп, эртеси "Силерге курал жарак берсек, бизди басып алып, бийликти алып коёсуңар” деп болбой койгон.

- Мурунку бийликтин активдерин табууну сизден суранса, кийин өздөрү банктагы кутучаларды ачышпадыбы. Ал мыйзамдуу иш болгонбу?

- Банктагы кутучаларды ачканы, президенттин иш башкармалыгынан чыккан 16 млн сом акчалардын баары мыйзамсыз иштер. Өздөрү декрет менен коомдук тартипти сакташ үчүн деп эле жасай беришкен. Мына азыр ким канча акча алганы аныкталып жатпайбы. Биз Бакиевди өлкөдөн чыгарганы Жалал-Абадга барганда бизге дагы 1 млн доллардан ашык акчаны "списание” кылып жиберишкен. Ал жакка барган балдардын бирөөсү да бир тыйын алган эмес.

- Кыргызстанда кайрадан бийлик алмашуу революция жолу менен болушу мүмкүн деген сөздөрдү угуп жатсаңыз керек. Болушу ыктымалбы?

- Иштеп жаткан Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Президент кайрадан авторитардык режимге өтүп алды. Премьер-министр, төрага, президент баары тең КСДП партиясынан. Азыр билеби, билбейби, иштейби, иштебейби бийликке КСДП партиясынан же коалиция түзгөн фракциялардан келиши керек. Өлкөдөгү саясатка көз салган адам саясий коррупция күч алганын байкайт. Ошондуктан чет элдик аналитиктер сиз айткан прогнозду айтып жатышат. Бийликте турган адамдар коррупция менен күрөшөбүз дегенге жамынып алып, өздөрүнүн оппоненттеринен өч алып жатканын көрсөтүп жатат. 4–5 депутат азыр абакта олтурат. Бул боюнча кийин чоң тарыхый иштер болушу мүмкүн. Мындан сырткары КСДП фракциясынан кимдир бирөө коррупциялык иштер менен кармалды дегенди уга да, көрө да элекпиз. Социалдык экономиканын начарлашы, бюджеттин таңкыстыгынын көбөйүшү, карапайым калктын жакырланышы, күнүмдүк керектелүүчү товарлардын баасынын өсүшү желге толгон шардай болуп турат. Ошол шар канчалык чоңойгон сайын бир күнү катуу жарылат. Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Патрушев дагы "Кыргызстанда революция болуп кетиши мүмкүн” деп айтты. Мындай пикирди батыш өлкөлөрүнүн эксперттери менен кошо жакынкы өлкөлөрдүн аналитиктери да айтып жатышат. Ошон үчүн бизге берчү акчаларды бербей, чоочуп турушат. Түркия 106 млн доллар, Казакстан 100 млн доллар бермек болгон. Бул акчалардын баары келиши күмөн. Себеби мамлекет жетекчилери инвестициялык абалды төмөндөтүп жиберди. Президент, Өкмөт жетекчилери, коомчулуктун, оппозициянын сын-пикирлерине арданбай, сунуштарына көңүл буруп, кыйын абалда элди бириктирип, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлосо, баарыбыз колдоп, жардам берет элек.


Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter