26 февраля 2013, 13:14

Жылдызкан Жолдошева, ЖК депутаты: Бул корутунду элди алдайт

Жылдызкан Жолдошева, ЖК депутаты: Бул корутунду элди алдайт

- Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы - жөн гана элди алдоо. Туура, бул комиссия жакшы иш алып барды. Бирок анын жыйынтыгы жөн гана элди алдоо. Маселен, жылына 22 тонна алтын кени казылып алынат экен. Анын 19 тоннасы Канадага кетип атат. Бул жерде миллиарддаган доллар тууралуу сөз болуп атат. Ал эми комиссия 100 миллион сом түшөт деп атат. Бул элди алдоо. Кумтөрдү улутташтырабыз деген терминди колдонбошубуз керек. 

Ян Аткинсон өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп эмнелерди сүйлөшкөнүн эч ким билбейт. Анткени  жолугушууга бир дагы депутат катышкан жок. Ошондуктан анын сырдуу келип, сырдуу кеткени кооптуу болуп турат. Ал жөн келген жок да. Сүйлөшүүнү өз тарабына чечүү үчүн бир нерсе алып келери бышык, ал куру кол келген жок. Анан Кумтөрдү изилдеген Темир Сариев баштаган мамлекеттик комиссия баарын кыйратып салдык деп элге жакшы көрүнгүсү келбей эле койсун, мунун артында бир мандем жатат. Булар бул маселени башка жакка бурганы атышат. (N.J)

Булак: "Жаңы Агым”.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter