26 февраля 2013, 13:20

"Таня революционерка" канча азамат өлгөнүн билбейби?

"Таня революционерка" канча азамат өлгөнүн билбейби?

"Революцияны коргойбуз, реваншистерге жол бербейбиз!” деп "ач кыйкырык, куу сүрөөн” болуп жаткандардын 2010- жылдын 7-апрелинде болгон революцияны эл жасаганын бурмалап, аны карандай эле өздөрүнө ыйгарып баратышат, эй! Атүгүл ушул адамдар, кандуу 7-апрелде канча азамат окко учканын так билишпейт окшойт.

Минтип айтканыбыздын себеби, 2013-жылдын 13-февралында, "Ата Мекен” партиясы Бишкектин көчөлөрүн бууп, элге залакасын тийгизип Ала-Тоо аянтында өткөргөн митинги боюнча Жогорку Кеңештин болгондо да вице-спикери, өзүн "Таня революционерка” сезген Асия Сасыкбаева "K-News” маалымат агенттигине маек берип жатып: "Айрым адамдар "ушул аянтта 77 адамды ким атты эле?” дегенди сурашпай, "Бакиевдин үйүн ким өрттөдү эле?” деген маселени көтөрүп чыгышууда”- деп жатат.

"Революционерлер” дегенибиз ушинтип, 2010-жылдын 7-апрелинде канча азамат окко учканын так билишпесе, жыргаган экенбиз. Ошол "революционерлерден” сурап көргүлөчү, "7-апрелде жараат алып, ошол жарааттан канчасы бул жарык менен коштошту?" деп. Эч кимисинин иши жок. Бирок, революцияны бетке кармашат, чиркин! 

Булак: "Назар пресс" 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter