26 февраля 2013, 13:26

Рамазан Дырылдаев, “Жаңы-Багыт” партиясынын лидери: Атамбаев канчалык кошоматчы, арзыматтарды тегерегине топтогон сайын, анын президенттик мөөнөтү ошончолук кыскарат

Рамазан Дырылдаев, “Жаңы-Багыт” партиясынын лидери: Атамбаев канчалык кошоматчы, арзыматтарды тегерегине топтогон сайын, анын президенттик мөөнөтү ошончолук кыскарат

Акыркы убактарда өлкөдөгү маалымат каражаттарындагы макалаларды окуп алып, деги эмне болуп баратат, Акаевдин заманы кайра к

елип калганбы деп ойлоп кетет экенсиң. Бүгүнкү чындык ошондой эле. Себеби, Акаев өзүн мактатыш үчүн "арзыматтарды” тегерегине чогултуп алып, калптын баарын айттырып, элди алдачу да, элден жеп-ичкенин жашырыш үчүн калптарды жаздыра берип элдин башын айлантканга мажбур болчу. Ошол эле убакта элдин турмушу күндөн-күнгө начарлап, миллиондогон кыргыздар өз элин, жерин таштап башка өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болгон. Эми болсо ошол жакта кор болуп жүрүшөт. Жакында Москвага барып калып, бир универсамга кирсем, кыргыз жигит жолугуп калды. Сураштырсам Лейлектик жигит экен. Ошол эле Универсамда жүздөн ашык кыргыздын уул-кыздары иштей турганын айтты. Жашоо шарттарын, абалын сурадым. Биз 1994-жылдан бери атайын мониторинг жасап жүрөбүз, өлкөдөн кетип жаткан кыргыздар жөнүндө. Менин мындай кадамга барган себебим, дүйнөдөгү бүт баардык кыргыздарды кошкондо болгону үч эле миллион калк экенбиз. Ошол үч миллион элибиз Кудай жалгап Горбачев келип калып, СССР тарап, өзүнчө эгемендүү өлкө болуп отурабыз. Бизден чоң элдер мисалы курддар, уйгурлар, тибеттер жана башка көптөгөн улуттар өлкөсү жок канча күрөш жүргүзүп келатышат. Кээ бирөөлөрү улут катары жок болуп кетүү коркунучунда турушат. Тилекке каршы ушундай бир ууч элибиздин башына желмогуз, жегич, ичкич жетекчилер келип алышып, элибиздин абалын бүгүнкү көрүнүшкө алып келишти. Эки жолу революция болду, жакшы жолго түшөбүз го десек дагы эле баягы таз кейпибиздебиз. Бир эле мисал, Кыргызстандын эки миңден ашык алтын кендерин мурунку жетекчилер бүт баарын Кытай ишкерлерине берип койгон. Алар болсо жерибиздин экологиясын талкалап, эски технологияны колдонуп, жерибизди ууландырып, айлана чөйрөбүздү талкалап жатышат. Президент болуп келген Атамбаев баш болгон бийлик булардын баарын оңдойт экен десек, кайта ошолордун сөзүн сүйлөп, мыйзамдын негизинде жолго салгандын ордуна өзүбүздүн элди кор кылып, сабаганга чейин алып барып жатышат. Буга мисал Өзгөндөгү иштеп жаткан кытайлардын жумушчулар менен кыргыз жарандарынын ортосундагы жаңжал. Ушул убакытка чейин кыргыздарды сабаган кытай жарандары жоопко тартылбайт. Бизге келген инвестор эмнеге мыйзамды тебелейт? Аны ким тебелетет? Бийлик өздөрү тебелетип жатышат да. Себеби, инвестор керек деген шылтоо менен бийлик ошолордун сөзүн сүйлөйт, Анткени, биздикилер аларга көз каранды, алаарын алып, жээрин жеп коюшкан. Ушундай бийликти Сегизбаев, Нарынбаев, Осмонакун Ибраимовго окшогон арзыматтар жерге тийгизбей макташат, кошоматчы ММКлар аркылуу элге жалган маалымат таратышат. Ага бир мисал, жакындан бери эки революциянын бирден бир лидери болгон Бекназаровду каралап жаздырышып, чоң компанияны жүргүзүп жатышат. Эгер Бекназаров болбосо Аксы эли көтөрүлөт беле? Эгер Аксы эли көтөрүлбөсө 2005-жылы бүт Кыргызстан көтөрүлүп Акаевдин бийлигин Осмонакунга окшогон арзыматтары менен кошо кууп чыгарат болчубу? Ошол кууп чыккан элдин аң-сезимин көтөрүп күндөп-түндөп эл менен иш жүргүзбөсө революция болот беле? Тилекке каршы Атамбаев дагы ошол Акаевдин арзыматтарын чогултуп алып, иш алып барганы анын көп узабай турганын көрсөтүп жатат. Таң калдырганы бул президенттин мурунку президенттердин жолуна түшүп алганы, ошолордун ырын ырдаган ырчыларынын ыкмасын колдонгону, өзүнүн убактылуу сезгенин айгинелегени. Бекназаровго каршы акыркы убактарда уюштурулуп жаткан компания, аны элге жек көрсөткүсү келген аракетин, бүгүнкү бийликтин ким экенин көрсөтүп койду. Бул бийликтин өмүрүнүн кыскарып бара жатканы. Бир гана өкүнүчтүүсү ошол эле 20 жыл аралыгында эски ырын ырдап келе жаткан кошоматчылардын тажабаганы. Булар көнүп калышкан, бийлик алмаша турган болсо кийинкилердин койнуна кирип алаарына да ишенет окшобойбу.

Ал эми Бекназаровду жеп-ичкич кылып көрсөткөнгө мурунку бийлик канчалык аракет жасаса да эч майнап чыгара алышкан эмес. Атамбаевдер да болгон аракетин жасап атышат, бирок канчалык аракет кылганы менен Бекназаровдун жеп-ичпегенин элдин көбү билип эле турат. Бекназаровдун бир күнөөсү — чындыкты досу, бир тууганы болсо да бетке айтат. Учурда да досу Атамбаевдин бетине айтам деп ушундай каралаганга дуушар болуп отурат.

Чындыгында Бекназаров юрист катары эң мыкты кесипкөй экенин мен бир топ жолу байкап калганым бар. Эгер Бекназаров жегич-ичкич болсо, капкачан эле жок болуп камалып же анын көзүн тазалаштын башка бир жолун табышат эле. Эч нерсесин таба алышпай, айлалары кеткендиктен ушундай жолго барып жатышат. 2002–2003-жылдары мен аксылыктарды колдоп, дүйнө жүзүнө Акаевдин ким экенин көрсөтүп жүрсөм Акаев, Осмонакундар кошоматчы көз каранды ММКларга Кыргызстандын милиарддарын Акаев жебей эле мен жеп аткандай 400 дөн ашуун макала чыгарышыптыр. Мына азыр да революциянын жеңишине жумшалган каражаттарды Бекназаров катып алган деген жалаа жаап жатышат. Ошого аябай сүйүнгөн Осмонакун "АКИ-пресс” жана башка ММК ларга Бекназаров тууралдуу туура эмес маалыматтарды берип жатат. Себеби, Акаевдин убагында сайрандап жүргөн Осмонакун, эл бийликти тартып алгандан кийин жүдөп-какап, эми бир өчүмдү алайын десе керек. Ал жалаң эле Акаевдин арзыматы эмес табиятынан мансапкор, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн ар кандай жамандыкка барчулардын бири. 2005- жылкы революциядан кийин Акаевдин, Осмонакундун жеп-ичкендерин Бекназаров кустуруп, Илимдер Академиясынын пансионатынан алган Осмонакундун үйүн кайтарткандыгы үчүн өчүн алгысы келгени билинип эле турат. Майрам Акаеваны "канайым”, Айдарды "ханзаада” деп кошомат кылчу элең. Аны кыргыз эли унута элек.

Атамбаевди, Бекназаровду камагыла деп далбастаптырсың. Акаевди да учурунда шыкактап, Аксыдагы кандын төгүлгөнүнө сенин салымың чоң. 2008–2009-жылдары Жаныш Бакиевди да ушинтип шыкактагансың, бирок алар сени теңине албай койгон. Ал эми Бекназаров болсо мурунку президенттер жеп-ичкен милиарддарды кыргыз элине кайтарттырып бергени болбосо, башка эмне күнөөсү бар?

1993- жылы ошо кездеги спикер Шеримкуловдун Жыламыш айылына батага барып калдык. Бир убакта байкасам Осмонакундун агасы доктор Абыт Ибраимов босогодо отурат, ал эми Осмонакун төргө отуруп алыптыр. Ал кезде Осмонакун президенттин аппаратында иштеп Акаевге жакын болуп асмандап жүргөн учуру. Анан мен чыдабай Осмонакунга элдин көзүнчө "Осмонакун, агаңды босогого отургузуп, өзүң төргө өтүп алыпсың” — дедим. Элдин баары күлүп калышты. Анан эсине келип агасын төргө сүйрөп отургузду.

Мени Венадан Лондонго бүт дүйнөгө маалымат тараткан "ББСде” түз байланыш болот деп чакырып калышты. Ал түз байланышка Президенттин администрация жетекчиси Карыпкулов менен чыкмакмын. Бир аз калганда Карыпкулов кайсы бир себептер менен келбей калды, анын ордуна Осмонакун менен болот дешип калышты. Ошол жерден мен Акаевдин милиарддап жеп-ичкенин, кыргыз элине кылган кыянаттыгын айтып жатсам, ары жакта Осмонакун журналисттерге мен айткандарды эфирге чыгартпа деп жанталашып жатты. "Бул сизге баш ийчү ММК эмес, "ББС” эркин ММК” — дешсе, бир убакта аларды жаман сөздөр менен коркутуп жатканын уктум. Ошол жерде анын деңгээлине таң калдым.

Дагы бир мисал, бизди Бекназаров менен кошуп Европарламентте Кыргызстан жөнүндө атайын угуу болот деп чакырып калды. Ал жерде Осмонакун Ибраимов, ошол кездеги Жогорку сот К. Осмонов, Венадагы элчи А. Жекшенкулов, Брюсселдеги элчи дагы бир топтору келишти. Булардын баары келет деген сөз жок болчу. Көрсө элчилер мурдатан эле президентке маалымат беришкен экен. Акаев баарына "түнү менен жеткиле да, булардын айткандарын жокко чыгаргыла!” деп көрсөтмө бериптир. Ал жерде булар бийликти жактап жанталашып атышат, биз фактылар менен далилдеп жатканбыз. Бир убакта Осмонакун элчилери менен эле Европарламенттин депутаттарына чапан, баш кийимдерди жаап киришти. Анан эле кечки тамака чакырып калышты. Ошол жерден мен сөз алып, Европарламенттин депутаттарына кайрылдым. "Урматтуу депутаттар, силер эмне булардан пара алып жатасыңар”- десем эле баягы депутаттар алган белектеринен жана Осмонакундар уюштурган кечки тамагынан да баш тартышты. Булар ошентип чындыкты угуп, мамлекетти оңдогонго аракет кылгандын ордуна шерменде болуп кайтышты.

Осмонакундун Бекназаровго каршы жазганы Атамбаевди пайдаланайын деген аракети го деп эле түшүнөм. Бирок, Атамбаев бир нерсени түшүнүп койгону дурус. Атамбаев канчалык кошоматчы, арзыматтарды тегерегине топтогон сайын, анын президенттик мөөнөтү ошончолук кыскарат. Буга эки революциянын тажрыйбасы далил. Азыр кошоматчылар Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө албайт деп жазып жатышат. Аны кошоматчылар эмес, эл чечет. Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө бийлик жарым жылда алмашып турган. Араб өлкөлөрүндө эл бийликке алданып калып, бир жыл өтпөй нааразычылык күчөп, эл кайра-кайра көчөгө чыгышып бийликтин кетүүсүн талап кылып жатышат. 

Булак: "Жаңы Ордо”.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter