26 февраля 2013, 13:48

Атахановго караганда Табалдиев татыктуубу?


Атахановго караганда Табалдиев татыктуубу?

«Башка ишке кеткендигине» байланыштуу деген жарлык менен айдалган Шамил Атахановду өкмөттүн жаңы түзүлгөн Коопсуздук жана коргонуу жагын тейлеген вице-премьер министрлик кызматына келет деген кептер тарады, дейт «Фабула» гезити 26-февралда чыккан санында.

Бирок буга чейин Атаханов Атамбаев башбакан болуп турганда дал ушул кызматты аркалап көргөн, кыйраткан ишин көрбөй, анда деле көпчүлүктүн ичи чыккан эмес. Ошондуктан Атахановдун ал жакка бараары каңшаардын деңгээлиндеги кабар дей берсек болот. Андан көрө ал ардактуу эс алууга же алыскы бир өлкөгө элчиликке кеткени оң. Биздеги маалыматтарга караганда, 4-вицеликке азыркы башкы прокурор Аида Салянова менен президенттик аппараттын коопсуздук жана коргонуу бөлүмүн башкарып жаткан Бусурманкул Табалдиевдин талапкерлиги такталууда. Үчөөнүн ичинен эң эле татыктуусу Табалдиев экени талашсыз. Бусурманкул Бүркүтович илгери УКМКны башкарып турганда, «жан алгыч» Жаныштын «матрешка» окуясы болуп кеткени эсибизде. Ошондо башкаларга окшоп кызматка жабышып, жалпактап ар кимге жалынбай, парламентке барып, «орун басарымдын ишин ооздуктай албагандан кийин, бул кызматта отурганым орунсуз», деп өз эрки менен кызмат таштап басып кеткен. Эсил кайран Эшимканов баш болгон эл өкүлдөрү «кетпеңиз, иштеңиз» деп суранганы эсибизде. Азыр дагы орчундуу кызматтарга туруктуу позициясы, принципиалдуу көз карашы бар дал ушул Бусурманкул Табалдиевдей адистер керек болуп турат, деп жазат аталган гезит.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter