26 февраль 2013, 13:54

Ө.Текбеаев менен А.Шыкмаматовдун мамилеси сууп баратканы тар чөйрөдө айтылууда

Акыркы кездери «Ата Мекен» партиясынын атасы Өмүрбек Текебаев менен ошол партиядан министр болгон Алманбет Шыкмаматовдун мамилеси сууп баратканы тар чөйрөдө кеп боло баштады, деп жазат «Фабула» гезити 26-февралда чыккан санында.

Мындай жагдайга Алманбет мырза Текебаевдин айткандарынын баарын эле макул деп аткара бербей, моюн толгоп, өз алдынча иш кылганы түрткү болуп жатыптыр. Текебаев «Шыкмаматовду мен министр кылсам, анан менин сөзүмдү укпайт» деген куру намыска алдырып, Алманбет мырзаны «жеригенге» өткөнү айтылууда. Бул жагдайдын учкуну «Кумтөр» маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусун талкуулаган жыйында жылт этти.

Жогорку Кеңеш отурумунда юстиция министри Алманбет Шыкмаматов «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Ташболот Балтабаевдин суроосуна жооп берип жатты эле, капталдан Өмүрбек Текебаев министрди каарып өттү. Орто жерден «куюшканга кыпчыла калып» зекиген Текебаевге жини келген Алманбет мырза «кыйкырбай сүйлөңүз, жооп берип жатам», - деп кагып салды. Өмүрбек мырза ордунда кобураган бойдон калды. Эми мунун арты эмне менен жыйынтыкталары жакынкы аралыкта белгилүү болуп калат окшойт, дейт гезит.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter