26 февраля 2013, 14:04

А.Мадумаров айтсаңыз, К.Бакиев президент кезинде аны ажаткананын жанынан күткөнүңүз чынбы?

 

А.Мадумаров айтсаңыз, К.Бакиев президент кезинде аны ажаткананын жанынан күткөнүңүз чынбы?

Адахан мырза, эгер сиз эл алдында сүйлөсөңүз, тилиңизден чаң чыгып, эч кимди өзүңүзгө теңебейсиз, деп жазат «Фабула» гезити 26-февралда чыккан санында А.Мадумаровго суроо берип жатып.

Дегеле жүргөн-турганыңыз ханга салам бербеген өтө «гордый» адамдын элесин берет. Ошондуктан, сизди кошоматка кой сойгон жагымпоздуктан алыс, түз адам деп билсек, бийлик элитасында аралашып жүргөн бирөө: «Ой, Мадумаров кези келип калса, кошоматчылык жагынан алдына адам салбайт», деп, бул окуяны айтып берди.

2005-жылбы, же 2006-жылыбы, айтор, Курманбек Бакиев президент кезинде Кыргызстандын «чоңдору» мамлекеттик резиденцияда бир дасторкондо сыйтамакта отурган экенсиздер. Ошондо президент Бакиев столдон туруп ажатканага жөнөп калат. Ал эми көнүмүш иш эмеспи, башкалар байкабай деле калган экен, сиз гана ага өзгөчө маани берип: «Жүрүгүлө, чыгып, күтүп турбайлыбы», деп, өзүңүз баштап туруп, баарын ажаткананын алдында президенттин чыгышын күтүп турууга аргасыз кылыптырсыз. «Атаңгөрү, ушундай да кошоматчылык болобу», деп баш чайкап тим болуптур айрымдар.

Адахан мырза, мүнөзүңүздүн ушундай жактары да барбы?, дейт гезит.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter