26 февраль 2013, 14:44

БШКнын жетекчиси мыйзамсыз сатылып алынган автоунаа тууралуу маалыматты четке какты

Боробрдук Шайлоо Комиссиясынын жетекчиси Туйгуналы Абдраимов мыйзамсыз сатылып алынган автоунаа тууралуу маалыматты четке какты. Анын айтымында, БШК кызматтык кичи автобус жана  «Тойота Ленд Крузер»  үлгүсүндөгү автоунааны өзүнүн бюджетинин акчасына сатып алгандыгы  чындык жана ал чыгымдардын сметасында көрсөтүлгөн.

 «Биз дагы автоунаа сатып алабыз. Биздин автопарк  12 жылдан бери жаңылана элек. Эмне үчүн БШКнын кызматкерлери командировкага ГАЗ-24 машинасы менен барыш керек? Ал эми автоунаалар төш белги жана күбөлүк үчүн депутаттардан жыйналып алынган акчага сатылып алынган  деген маалымат чындыкка коошпойт. Биз бардык материалдарды прокуратура кызматкерлерине бердик. Ал эми мыйзамда төш белгилерди жана күбөлүктөрдү эл өкүлдөрү бекер алыш керек деп жазылган эмес.  Эгерде мен  аларды бекер берген шартта  Эсептөө палатасы мени күнөөлөп чыкмак », - деди Туйгуналы Абдраимов.

Эскерте кетсек, бүгүн ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында "Кыргызстан жаштар кеңеши” коомдук бирикмесинин жетекчиси Жеңиш Молдакматов Боробрдук Шайлоо Комиссиясынын жетекчиси Туйгуналы Абдраимов жергиликтүү кеңештин депутаттарына төш белги жана күбөлүк берүүдө, алардан мыйзамсыз түрдө 700 сомдон чогултуп, ага БШКга кичи автобус жана "Лексус ЛХ 570 үлгүсүндөгү автоунаа сатып алгандыгын айтып чыккан.



булак:kyrgyz today.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2020

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter