26 февраля 2013, 15:07

К.Ташиев жүзүн ачты, - «Фабула»

К.Ташиев жүзүн ачты, - «Фабула»

«Фабула» гезити 26-февралда чыккан санында жазгандай, 2012-жылы октябрда «Кумтөр» кенине байланыштуу бейпил митинг өткөзөбүз деген шылтоо менен акция катышуучуларын үндөп, бийликти күчтөп басып алууга, конституциялык түзүлүштү бузууга аракет кылган деп айыпталып, МУККнын СИЗОсунда отурган «Ата Журт» фракциясынын депутаттары-Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана алардын жан сакчылары, эксперт Кубатбек Кожоналиевдин үстүнөн болгон Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Ташиев Башкы прокурор Аида Саляновага сотко келүүгө чакыруу жөнөтүлгөнүн, бирок келбей койгонун айтып, бул жагдайды мыйзамды жана сотту сыйлабастык деп баалады.

Ал түгүл «Эгер керек болсо, аны күбө катары сурак берүүгө күчтөп болсо да алып келишсин», деген талап койду. Бирок буга сотко төрагалык кылган судья депутаттын бул өтүнүчүн четке кагып, «Биз ага чакыруу жибергенбиз, колубуздан келгенин кылдык, башка эч нерсе кыла албайбыз» деп алакан жайды.

«Баарын күч менен чечебиз» деген идеология Ташиевдин башкы максаттарынын бири экени «Башкы прокурорду күчтөп алып келиш керек» дегенинен да ачык байкалды. Муну менен Ташиевдин Ак үйдү күчтөп басып алууга чындап кызыкдар болгонун айгинелеп койду десек жарашат, дейт аталган гезит.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter