26 февраля 2013, 15:17

Айылдык кеңештин төрагасы менен депутатынан куралдар алынды

Айылдык кеңештин төрагасы менен депутатынан куралдар алынды

Кара-Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин төрагасы жана бир депутаты курал менен кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, Ош облустук ИИБдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгына Сарай айылынын жашоочусу арыз менен кайрылып, анда айылдык кеңештин төрагасы аны курал менен коркутуп акча талап кылганын билдирген. Арыздын негизинде ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, 25-февралда Кара-Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин төрагасы З.Т. кармалган. 

Кармоо учурунда З.Т. аттуу жарандан Макаров үлгүсүндөгү тапанча, 6 ок табылган. Ошондой эле ал отурган автоунаада  Сарай айылдык кеңешинин 1987-жылкы Н.Н. аттуу депутаты да болгон. Ал депутаттан Байкал үлгүсүндөгү травматикалык курал алынган


булак:kyrgyz today.
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter