26 февраля 2013, 16:03

Ош шаарынын борбордук аянтына орнотулган Лениндин эстелиги башка жерге көчүрүлбөйт – Ош шаардык мэриясы

Ош шаарынын борбордук аянтына орнотулган Лениндин эстелиги башка жерге алынбайт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

Эске сала кетсек, Ош шаарындагы «Эл уулдары» коомдук бирикмеси Ош шаардык кеңешинин төрагасы Таалай Сабировго борбордук аянтка орнотулган Лениндин эстелигин алып салуу тууралуу кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда эстелик өзүнүн тарыхый миссиясын толук бойдон өтөп бүткөндүгү айтылган.

Мэриянын өкүлдөрүнүн айтымында, аянттагы эстеликти алып салуу маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Шаардын башкы планы менен аны өзгөртүү планы чийилип жаткан учурда бул демилге эске алынган эмес. Эстелик өз ордунда калат.

«Эстеликти демонтаждоо кошумча каражат талап кылат, ал эми жергиликтүү бюджетте акча каралган эмес», - дейт мэрия өкүлдөрү.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter