27 февраля 2013, 13:49

Жаңы Ички иштер министри Абдылда Суранчиевдин биринчи иш күнү саясаттан башталды

Жаңы Ички иштер министри Абдылда Суранчиевдин биринчи иш күнү саясаттан башталдыИчки иштер министри болуп дайындалган генерал-майор Абдылда Суранчиев өзүнүн министр катары биринчи иш күнүн ишемби, 23-февралда, министр орун басарларын, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн жетекчилерин жыйнап алып чогулуш өткөрүү менен баштады. Бул тууралуу бизге жеке булактар кабарлады. Чогулуш тез эле саясат жыттанып кетиптир.

"Биз жазга даяр болушубуз керек. Оппозиция катуу даярданууда. Алардын планы боюнча, биринчи нааразычылык акциялары Таластан башталат, анан ага Нарын, Ысык-Көл, Түштүк кошулат. Бул жактан Азимбек Бекназаров баштаган революционерлер күч алып турса, Мирослав Ниязов, Өмүрбек Суваналиев, Артур Медетбеков баштаган генералитет да башын көтөрүп жатат. Баары көтөрүлүп Бишкекке келип, Ак үйдү курчайт имиш. Биз ага жол бербейбиз. Чүй жери митингдерден, саясый акциялардан тажады. Таластыктар көтөрүлүшсө, Абай (Абай Кожомкулов ИИМдин штаб башчысы - ред.), мен сени жөнөтөм Таласыңа, өзүң барып токтотосуң. Анан тиги, Бабанов, бул иштердин баарын каржылап жатыптыр. Биздин милдет - бардыгын өз ордуна койуу. Биз алдыбызга коюлган милдеттерди так аткарышыбыз керек..." таризинде көпкө сүйлөп, өз кол алдындагыларга милдеттерди тагыптыр. Кыязы, жаздагы саясый температура катуу жогорулайт окшойт. 


Источник:kyrgyztoday
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter