27 февраля 2013, 13:53

Шейшенбек Байзаков, генерал-майор: “Анклав маселесин күч менен чечүүгө болбойт”

Шейшенбек Байзаков, генерал-майор: “Анклав маселесин күч менен чечүүгө болбойт”Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал-майор, Баткен облусунда бир карат жооптуу кызматтарды аркалаган Шейшенбек Байзаков менен Сох анклавынын тегерегинде маек курдук.

 - Сиз көп жыл Баткен облусунда иштегенсиз, Сох анклавына байланышкан кырдаалга эмне деп айтаар элеңиз?

- Баткен аймагында катардагы криминалды кошпогондо контрабандалык заттардын алынып өтүүлүсү, чегаралык өсүп бараткан кылмыштуулук, коррупция сыяктуу маселелер көп. Андан тышкары, аймактын чет жакасында жүздөгөн гектар айдоо жана пайдалуу кен чыккан жерлер, суу каналдар, жайыттар эки мамлекеттин бир пикирге келе албаган талашын дале жаратып келет. Өзбекстан менен Тажикстандын миңдеген жарандары чегарадан ары-бери өтүп турушат. Памирден качкындар, Афганистандан легалсыз өтүүгө аракеттенгендер да бар. Буга мамлекеттик чегаралардагы «мина дипломатиясы» тактикасын, диний фанаттардын кыймылын, калктын жакырчылыгын кошо турган болсок, эзелки Баткен жергесине канча маселе бар экенин түшүнөбүз. Ошондуктан, мага Баткенде иштеген жети жыл аралыгында кесибиме тийиштүү милдеттерден тышкары тыңчы да, социолог да, психолог да, тынчтык орнотуучу да болууга туура келген. Айрым учурда дипломат да болуп кетчүмүн.

- Баткендин өзүнчө облус болуп бөлүнүшүнө да ошол чечилбеген маселелер себеп болгонбу?

- Баткен областы жаңы пайда болгон кезде эле азыркы айтылып аткан маселелер күчүндө болчу. Бул аймактын өзүнчө облуска айлануусун шарттаган себептердин бири ӨИК (Өзбекстан Ислам кыймылы) жайылуусу болгон. Баткен борбордон бир топ алыстыкта жайгашкандыктан, анын үстүнө чегара маселеси орун алгандыктан мамлекеттин бөлүнүп калган бөлүгү сыңар кол анчалык жете бербесин андагы бийликтегилер түшүнүшкөн. Бул аймак өзгөчө статуска зарыл экендигин аңдашкан. Ал жерде рецидивдик терроризм болуп кетпөөсүнө кепилдик жок болчу. Ошондуктан борбордоштурулган жетекчилик иш алып баруусу кажет эле.

Мамлекетте жетинчи облустун пайда болушу көрөгөчтүк болгон. Ачуу реалдуулуктун ыңгайына карап, маселелерди чечүүнүн биринчи кадамы ушул эле. Облус жаңы түптөлгөн кезде андагы топтолгон көйгөйлөрдү чечүүгө анча- мынча аракеттерди көрүшкөн. Коопсуздукту күчөтүштү, авиабилдирүү ачышты. Экономика жандана баштады. Көпчүлүгүнө Баткендин коопсуздугу сактала баштагандай көрүнгөн. Бирок, убакыттын өтүшү менен кырдаал жалпы республика боюнча начарлап отуруп, Баткен темасы акырын арткы планга жылып кетти.

- Бирок «оруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» болду окшойт?

- Тилекке каршы бөлүнүп-жаруулар, 30 тургундун туткунга алынуусунан кийин кайрадан Баткен облусундагы Өзбекстандын аймагын айланып өткөн жолду түзөтүү боюнча маселе жарык көрдү.

Ким гана өз убагында аны чечүүгө аракет кылган эмес? Акаев бийликте кезинде барган, Бакиевге да көрсөтүшкөн. Улам кийинки кызматка келген транспорт министри, каржы министри, ар кайсы постто турган министрлерге…  Канча деген күйүүчү май, иш сапарга канча деген каражат кетти. А жыйынтыгы болгон жок. Эгерде ошондо эле бийликтегилер шалаакылык кылбай, маселеге олуттуу мамиле жасашканда азыркы абал пайда болбойт болчу. Эч ким көңүл бурган жок, жолду түзөтүүгө каражат издөөгө аракеттенишпеди. Анын кесепетинен Баткен облусунун борборуна бару үчүн алыс-жакынкы кыргыз аймактарынын жашоочулары ондогон километрди өзгөчө режим орнотулган башка өлкөнү аралап өтүүгө туура келди.

Көпчүлүк биздин бийликтегилер бул нерсени кемсинүү катары көрүштү да, Бишкектен Баткенге аба жолу менен барууну таап чыгышты. Бирок, жөнөкөй калк дагы деле үйрөнгөн жол менен каттоого аргасыз. Анткени, аба учактарынын баары биринчиден, карапайым калктын чөнтөгүнө туура келбейт. Экинчиден, жалгыз аба майданы үзгүлтүккө учуроо менен иштейт. Ошондуктан, эртеби-кечпи айланма жолду түзөтүү маселесин чечүү талап кылынат. Баса, эксперттик баалоого караганда мамлекеттик масштабда жолго кетчү каражат анчалык көп сумманы түзбөйт. 230 млн. сом. Кантип эле «биздин чегаралардын бекемдиги» менен «аймактык тургундарга камкордук көрүүнү» кайталаганды сүйгөн Бишкекте бул сумманы тапса болбосун?..

- Күчкө каршы күч колдонуш керек деген пикирлерге кошуласызбы?

- Болбогон кеп. Бул нерсе провокациянын күчөшү менен жаңы курмандыктарга гана алып келет. Ташкент Сохтогу жарандарын коргоо үчүн аскердик кыймылын баштап жибериши да мүмкүн. Бизде маселени күчтүн жардамы менен чечкиси келген саясатчылар толтура. Ал эми анклав маселесин күч менен чечүүгө болбойт. Акыл,  билгичтик менен жүргүзүлгөн дипломатия, жергиликтүү коомчулук арасындагы жеке кадыр-барк, тынчтык сүйлөшүүлөрү стабилдүүлүккө алып келет. Анан дагы сүйлөшүүлөр паритеттүү жана көп тепкичтүү негизде жүргүзүлүшү шарт. Аким хоким менен, милициянын начальниги өзүнүн коллегасы менен, атайын кызмат атайын кызмат менен, губернатор губернатор менен дегендей, ушундай өңүттө өйдөлөп отуруп, өкмөт башчысы менен өкмөт башчысынын байланышына чейин жетиши керек. Көпүрөнү эч бир маселенин агыны жууп кетпегидей кылып, ылдыйга абдан бекем орнотуу зарыл. 

- Чарбактагы окуядан соң чегаралар тикен зым менен тосула баштады. Бул канчалык деңгээлде зарыл?

- Сөзсүз түрдө Сох анклавынын айланасындагы аймакты бардык периметрлер боюнча тикен зым менен белгилеш керек. Өткөөлдөрдү калтырып, ал жерге күчөтүлгөн постторду орнотуу зарыл. Кийинчерээк анклав маселесин Өзбекстан жана Тажикстан менен бирдикте аймак алмашуу менен чечүүгө болот. Дүйнөлүк практикада ушундай. Болбосо мамлекетибиздин коопсуздугу коркунучта. Баткен согушу учурунда Ворух менен Сохко боевиктер жашынып, башка мамлекеттин аймагы болуп калгандыктан, арттарынан кубалай албай калганбыз. Сохтук тажиктер Өзбекстанга караган жерде жашаганына карабай бир убактарда Тажикстанга кошулууну каалап чыгышты эле. Кыскасы, маселе абдан көп.

- Сохтун тургундарынын кыргыздар менен мамилеси мурдатан эле жаман беле?

- Баткенде иштеп жүргөн кезимде Сохто көп эле жолу болдум. Менин байкашымча түз ойлонгон чегаралык тургундар кыргыздарга жаман ниет карманышкан эмес. Аларга улутчулдук жат нерсе, биздин мекендештер менен ымалашып жашашат. Эгерде эки башка мамлекетке караган кошуна айылдарда карама-каршылык жаралса, бул тиричилик боюнча гана. А биздин бийлик төбөлдөр дароо жаман жагына чаргытып, ойлонулбаган кадамдары менен кырдаалды өтүштүрүп жиберип жатышат.

Кырдаал көп километрдик аймактардын демаркация жана делимитация болбогонунан да татаалдашууда. Фергана чөлкөмүндө жер өтө таңсык. Чечилбеген аймактар талаш жаратып, карама каршылыктар жаралып атат. Талаш жаратып аткан аянттарга чекит коюлса эле, эки элдин ортосундагы пикир келишпөөчүлүк өзүнөн-өзү эле тынчыганы турат. Бул менен бирге сөзсүз түрдө чегарада жайгашкан калктын менталитетин, аймактардагы геосаясий бөлүштүрүү күчүн, экономикалык абалды, жана жайгашкан мамлекеттердин кызыкчылыгын, жергиликтүү бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн да эске алуу зарыл. Бардыгы менен тил табышса болот. Өзүңдү көрсөтө жана өзүң үчүн күрөшө билишиң да керек.

- Экономика демекчи, Баткен облусунда кен чыгуучу жерлер көп, бирок калк жакырчылыктан чыга албай атат?

- Баткенди экономикалык өнүгүүсүз ордуна келтирүү мүмкүн эмес. Көп нерсе жөнгө келтирилбей турат. Мисалы, калктын башкы пайдасы өрүк. Бирок, бул жемишти өндүрүшкө сала турган ишканалар жок. Өрүктүн данегин Францияга косметикалык өндүрүшкө экспорт кылууга да болоор эле. Бир убактарда вино чыгаруучу ири завод болгон. Жеке адамдын менчигине өткөрүлүп берилгенден кийин иштебей турат. Мен тамеки жана ичимдик сыяктуу бюджетти жаратуучу өндүрүш милдеттүү түрдө мамлекеттик монополиясы болушу керек деп ойлойм. Бул нерсе стратегиялык маанидеги кен чыккан жерлерге да тиешелүү. Лейлектеги кварц кумун казып алчу карьерди Кыргызстандагы белгилүү бир саясатчыга берип коюшту. Ал болсо азыр кумду Тажикстанга вагондоп ташып атат. Биз өзүбүз эмне баалуу заттарды иштетүүгө кызыкпайбызбы? Идиш-аяктарды, башка керектүү буюмдарды чыгаруучу ишкана ачып алсак болбойт беле?

Сүлүктү жана Кызыл-Кыядагы көмүр кенин казып алууда да ушуга окшогон маселелер бар. Сүлүктүдө дагы да болсо 25 млн. тонналык кара алтындын запасы бар. Жогорку сапаттагы, жылуулук жакшы бөлүп чыгаруучу, дээрлик иси жок көмүр. Бирок бул көмүр КРнын бардык жарандарына эле бериле бербейт. Ал жерде өз алдында казып алуучулардын тобу иштешет. Техникалык коопсуздук жок болгондуктан, казып алуучулар ар мүнөт сайын үңкүргө тирүү көмүлүп калуу коркунучунда, баштарын тобокелге салып, иштөөгө аргасыз.

Аймакта алтын кени да бар. Катраң айылынан жогору «Апрелдик» кен чыгаруу жери. Жергиликтүү атаандаштыктан улам орусиялыктарга иштетүүгө берилген жок. Өзүбүз да иштетпейбиз, башкага да бербейбиз деген принцип. Кадамжайда сурьма, Айдаркенде сымап бар. Бирок Кыргызстандын казынасына бул обьекттерден канча пайда түшөт, белгисиз.

Кыскасы, маселе толтура. Жергиликтүү бийлик ушул сыяктуу экономикалык маселелерди жогорку эшолондогу бийлик өкүлдөрүнүн катуу көзөмөлүнүн алдында чечүүсү кажет. Көзөмөл абдан керек. Миңдеген жарандарды жумушка чегерип, аны менен кошо Баткен аймагынын социалдык абалын жеңилдетүүгө убакыт келип жетти.


Булак: kyrgyztoday
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter