27 февраля 2013, 14:13

Бишкекте азиздер үчүн 10 светофор орнотулат

Бишкекте азиздер үчүн 10 светофор орнотулатБишкек шаарынын мэриясы Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешев менен биргеликте үн менен коштолуучу жабдуу орнотуу зарыл болгон светофордук обьектилердин тизмесин аныктап, макулдашылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Андай светофорлор төмөнкү кесилиштерде орнотулат:

1) Манас проспекти – Бөкөнбаев көчөсү
2) Юнусалиев көч. – Сухэ Батор көч.
3) Бейшеналиева көч. – Чүй пр.
4) Москва көч. – Логвиненко көч.
5) Ахунбаев көч. – Байтик Баатыр көч.
6) Сүйөркулов көч. – Юнусалиева көч.
7) Жибек Жолу пр. – Тоголок Молдо көч.
8) Жибек Жолу пр.– Манас пр.
9) Жибек Жолу пр. – Курманжан Датка көч.
10) Горький көч. – Байтик Баатыр көч.

Үн менен коштолуучу жабдуу орнотула турган жерлер азиз жарандарды сурамжылоонун негизинде тандалып алынды. Кесилиштерде "Абайлагыла, азиз жүргүнчүлөр” аттуу белгилер илинет. Аталган жабдууну шаар көчөлөрүнө киргизүү үчүн Бишкек мэриясы, ИИМ Жол-кайгуул кызматы жана «Плюс» фонду менен 3 тараптуу келишим түзүлгөн

Булак: kyrgyztoday
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter