27 февраля 2013, 14:20

Атаханов ИИМге “жараксыз” кадрларды топтоп кетти

Ички иштер министрлигине укмуш реформа жүргүзөт деген аксакал Атаханов   кызматка келгенден тарта таптакыр талапка жооп бербеген жоболоңду реформа менен алек болуп жатып, акыры отставкага кетип тынды. Ал кызматта турган  3-4 айдан бери бир эле багыттагы, тактап айтканда жеке кызыкчылыктын негизиндеги - кадр реформасын тымызын да, ачык да иш жүзүнө ашырып,  ИИМдин интрига борборуна айлантып койду. Жараксыз кадрлар демекчи – алар кимдер?  Жаныштын жакын кадрлары: Болот Абакиров, Димитрий  Фёдоров, Сайпидин Камалов, Максат Момунов  ж.б. баянын биздин гезит ачык жазып келди. Натыйжада  ишин ийгиликтүү алып кете албаган, жамаатка жек көрүнүп, татыктуу жетекчи боло албаган  Болот мырза кызматтан кетти. Фёдоров да кетти деген расмий  маалымат  чыккан, бирок ал бүгүнкү күнгө чейин ордунда олтурат. Ал эми бир айдан бери Абакировдун орду бош. Талапкерлер тандалууда.  Бирок милиция чөйрөсүн жакшы билгендер, Абакиров  кызматтан айдалып кетсе да, көп убактысын ИИМдин имаратынын ичинде өткөзөт деген кептер айтылууда. Бул да бекер жерден айтылбаса керек. Бирок Абакировдун артынан өзү да кетти, эми жаңы министр Абдылда Суранчиев  Атахановдун  кадр саясатындагы "ирик-чиригин” тазалаганча далай убакыт кетсе керек. Ага чейин, биз Атаханов кызматка коюп кеткен "жараксыздар” тууралуу далилдүү маалыматтар менен коомчулукту камсыз кылып туралы.

Куугунтук менен "курмандыкты” сүйгөн Култаев кайрадан кызматта 

Атаханов кадр саясатын кызуу жүргүзүп, "аштан, көчтөн калгандарды” өз тегерегине чогултуп, өз командасын түзүп койгондой болду эле. Тилекке каршы, ойлогону оңунан чыкпай, ордунан кетти.  Коомчулукка да, парламентке да, президентке да жакпай калган министр кызматтан кетерине аз калганда, өз командасына   Култаев Кубанычбек Зулуевич деген "азаматты”  кошуп алган. Болгондо да Тергөө башкармалыгынын башчысы Ноорузбаевдин орун басарлыгына бекиткен. Чынында  Култаев бул кызматка татыктуу эмес, ал тургай  ИИМде пагон тагынып иштөөгө моралдык жактан да укугу жок экен. Себеби, биз  анын басып өткөн жолун барактап олтуруп ушул ойго бекем ынандык. Сөзүбүз кургак болбош үчүн,  төмөндө Кубанычбек мырзанын ишмердүүлүгүнө бирге көз чаптыралы.

Бул каарманыбыз бир топ жылдан бери милиция тармагында жетекчилик кызматта, айрыкча жетекчилердин орун басарлык кызматында иштеп келген.  1996-жылдардан тартып, ушул кезге  чейин  анын пайдалуу иштерине караганда пайдасыз иштери Жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай айтылып келген. 1996-жылы ал Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинен (тергөө иштери боюнча) орун басары болуп турган.  Аны жакындан билген кесиптештеринин айтуусуна  жана ЖМКдагы маалыматтарга караганда ал  төмөнкүдөй баага татыктуу: ар дайым жеке кызыкчылыкты көздөйт, текебер, кол алдындагыларга  күн көрсөтпөйт,  алардан ар шылтоонун негизинде акча чогултат, өзүнө каршы чыккандарды  куугунтукка алганды, интриганын курмандыгына чалганды мыкты өздөштүргөн, эң эле эгоист жигит. Айтор, айтып олтурса кылбаганы жок окшойт.

Атаханов ИИМге “жараксыз” кадрларды топтоп кеттиАл Токмокто иштеп турган кезде   Бишкек-Торугарт жолунун 78чи чакырымында адамдын  чачын тик тургузган бир авто кырсык катталат. Ичинде эки жаш бала жана үч чоң адам бараткан  "Жигули” үлгүсүндөгү жеңил унааны, "Хонда” иномаркасы катуу келип, артынан сүзөт. Артынан катуу сокку алган "Жигули” дароо жарылып, күлү көккө сапырылып калат. Ичиндеги адамдардын бир да аман калбайт. Көрсө, ал бензин менен эмес,  газ менен жүрчү экен. Газ баллон жарылып, натыйжада  жогорудагыдай кайгылуу иш болгон. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, каттоого алынган. Бирок ал бул ишти тергеп жаткан Э. Букараевге "кылмыш козгобойсуң” деген көрсөтмө берет. Аягында кандайдыр бир табышмактуу жагдайлар  менен Култаевдин  күнөөсү далилденбей, байкуш Букараев "ишти жаап койду” деген айып менен соттолуп кетет. Чынында Култаев бул ишти өз көзөмөлүнө толугу менен алып, беш адамдын өлүмүнө себепкер  болгон "Хонданын” ээсинен акча алгандыгы айтылат. Анын мындай шумдугун жакшы билген, ошол кезде Чүй ИИБсин жетектеп турган Б. Субанбеков кызматтан алып ыргыткан. Ошентип  куулук-шумдугунун пайдасы тийип, ал чуулгандуу иш боюнча  эч бир жоопко тартылбай калган.

Эки жылдай кызматка алынбай жүрүп, акыры Бишкек ШИИБсинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалат. "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” дегендей,  бул жерде да  тынч жүрбөй, атагын алыска тараткан иштердин автору болот, албетте теңирден тескери жагынан. Андай иштердин бири төмөндөгүдөй:

Бишкек шаарынын тургуну, жеке ишкер М. Сулеймановдон  досу К. Аширбаев менен 7000 миң доллар "сындырып” алышкан. Бул маалымат, ошол учурда бүт республикага жайылып, ЖМК байма-бай жарыяланган болчу. Аширбаев экөө Сулеймановго окшогондордун далайынын шорун шорподой кайнатып, чоң акча жасап келишкени тууралуу көп маалыматтар бар. Бул маселе боюнча  көптөгөн арыздануулар болуп, натыйжада атайы комиссия түзүлгөн. Бирок ал комиссиянын оозун жаап коюшканбы, айтор комиссия "дудук” бойдон калган. Ошондой эле ал  кайсы жерге кызматка барса, ошол жерде, кол алдындагылардын ар биринен акча чогултуп өз иш бөлмөсүн евроремонт кылдырып келген.  Мындан тышкары, өзүнө каршы чыккандарды,  болбогон шылтоо менен куугунтукка алып, интриганын курмандыгына айлантып, кызматтан кетирип тынмай ыкмасын кеңири колдонгон. Андай көп окуянын бири мындай: кол алдында иштеген, өзгөчө оор кылмыштар боюнча тергөөчү Марат Калыбаевден акча талап кылат. Өзү үчүн акча жасоо буйругун берет. Бирок өз ишин мыкты билген, жыл жыйынтыгы менен  "жылдын мыкты тергөөчүсү” наамына арзып келген Калыбаев Култаевдин талабын четке кагат. Буга жини келген Кубанычбек мырза эски ыкмасын колдонуп, аны ачыктан-ачык эле  куугунтукмайга өтөт. Мыкты тергөөчүнү кызматтан кетирүү оңойго турбаганы менен, ага жумуштан күн көрсөтпөй, кызмат абалынан пайдаланып, милиция органынан таптакыр алыстатууга бел байлап турганда, жетекчисинен кордук көрүп, жүдөп калган  Марат мырза жол кырсыгынан каза табат. Туугандары анын мындай трагедиялуу өлүмүнө  түздөн-түз Култаевди күнөөлөшкөн.

Бакиевдерге "аюу кызматын” өтөгөн...

Култаев Бакиевдер кызматка келгенде, үй-бүлөлүк бийликке "аюу кызматын” өтөп, ошол кездеги министр Конгантиевдин ишенимдүү кадрларынын бири болууга жетишкен. Конгантиев Култаевдин өзүм билемдиктерине унчуккан эмес, ал болсо оюна эмне келсе, баарын  жасап, кайсы жерге барса, ошол жердеги кызматкерлер үчүн "монстрга” айланган. Ар кандай мыйзамсыз жолдор менен, же бирөөнүн колу менен кызыл чокту шилтеп, байлыкты армансыз топтогонду айтылат.  Маселен анын шаарда жана шаар ичинде бир эмес, бир нече жер тилкелери бар. Беш-Күнгөйдөгү эле жер тилкеси 45 гектар экен. Ал жерге заманбап үй баштап да койгон. Мындан тышкары, шаарда акыркы үлгүдөгү батири, дүкөнү, кафеси, "Дордойдо”  контейнери жана кымбат баалуу жеңил унаалардын ээси. Култаев мынча байлыкты кантип топтогон? Айлыгынабы?  Албетте, жок.  Жаныш менен жанашып, анын  айткандарын "ляппай таксыр” деп аткарып жүргөндүгү жалпыга маалым. Жаныш да Култаевдин мындай "баалуу” эмгегин эске алып, кызматта жакшы колдоого алып турган. Алгач, Ысык-Көл облусунун ИИБсинин жетекчисин орун басарлыгына алып барган. Бирок ал жерде Култаевди  жамаат жакшы кабыл албай койгондуктан улам, бир нече айдан кийин Чүй ИИБсинин жетекчисинин орун басары болуп дайындалат.  Келери менен эски адатынча, кызматкерлерден акча чогултуп, иш бөлмөсүн евроремонт жасатып, керектүү буюмдарды алдырат, ал тургай чет өлкөнүн кымбат баалу килемин иш бөлмөсүнө салдырып, өзүнө кирип чыккандарды бут кийимин чечүүнү талап кылган. Айтор, бул жерде Култаев өзүнчө эле хан болуп, калаганын кылып калган экен.. Түз жүрүп, түз иштегендер аны менен мамиле түзбөй, жаа бою качып калышкандыгы айтылат.

Ушул жерде иштеп турганда Жаныш аны жакын арада Ички иштер министринин орун басары кылууга убада берген экен.  Бирок белгилүү болгондой бул эки берендин тең ал кыялы ишке ашпай калды...

 Айта кетчү, дагы бир чоң нерсе, Кубанычбек мырзаны революциядан кийин Ички иштер министри Болот Шер кызматтан айдаган экен.  Ал эми 2011-жылы Зарылбек Рысалиевдин тушунда Тергөө башкармалыгынын башчысы Ноорузбаевдин орун басары болуп иштеп, анда да өз милдетин так аткарбай, жетекчиликти уяткарган экен. Мисалы, ал 44 күн бою эч себепсиз жумушка чыкпай койгон. Анын мындай өзүм билемдиги үчүн Ноорузбаев Ички коопсуздук кызматынын ошол кездеги башчысы Рахмановдон тартиптик жаза колдонууну талап кылган. Бирок "отко күйбөс, сууга чөкпөс” Култаев жаза албай, кийинчерээк кызматтан кыскарып кеткен. Ошондон бери бош жүргөн Култаевди Атаханов кайрадан Ноорзубаевдин орун басары кылып койгондугу кайсыл акылга сыят? Негиз Култаев чоңдордун тилин таап, аларды "сатып” алганга чоң уста экенин өзүнүн кесиптештери ачык эле айтып жүрүшөт. Демек, кызматтан кетерин аз калып, кыйналып жаткан Атахановду акчага сатып алдыбы? Болбосо, Атаханов жөндөн –жөн көчүгүндө ушунча шакмары бар адамды кызматка албайт эле. Болгондо да ал Култаевге жок жерден жумуш ордун ачып бериптир, кандайча дебейсизби? ИИМдин эки чоң башкармалыгындагы штаттардан бирден кыскартып, Ноорзубаевге үчүнчү орун басар кылган. Буга чейин, Ноорузбаевдин эки гана орун басар болгондугун айта кетели. Үчүнчү орун басардын же, ишке "жараксыз” Култаевдин кимге кереги бар эле? Эми жаңы министр Култаевдин тагдырын кандай чечет болду экен? Атахановдун артынан айдайбы же жанына жан жолдош кылып кармайбы? Күтө туралы..


Булак: kyryztoday
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Begai
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter