28 февраля 2013, 12:11

С.Жапаров: Чыныбай Акун саясатты түшүнбөгөн соң унун сатып отура берсе болмок

С.Жапаров: Чыныбай Акун саясатты түшүнбөгөн соң унун сатып отура берсе болмок «Чыныбай Акун чоң саясатты түшүнбөгөндөн кийин, билбегенден кийин унун сатып эле базарда отура берсе болмок», - дейт «Ата Журт» фракциясынын депутаты Садыр Жапаров "Арена.kg" гезитинин 28-февралында чыккан санына берген маегинде.

Мен отчёт берген күнү долбоор даярдадым, эгер келишимди жокко чыгарып «Кумтөр» мамлекетке өтүп калса, иш токтоп калбас үчүн «правление» түзүп, андан ары оперативдүү башкарууну ошол эле жерде иштеп атышкан кыргыз жарандары улантсын деп 20га жакын фамилиялар берилген. Мен тескерисинче айтып жатам, «айланайын өкмөт, тайаке-жээн, карын, бөлө» деп адис эместерди киргизип жиберип «Кумтөр» токтоп калбасын. Бүгүнкү күндө «Кумтөрдү» кыймылдатып жаткан башчылары ушулар экен деп мени архив калп айттырбайт. Жогорку Кеңештин стенограммасын көтөрүп карагыла. Эгер Чыныбай Акун айткандай 20 кишинин бирөөсү эле менин досум, тууганым же таанышым экенин далилдеп берсе, мен Чыныбай Акундан эл алдында кечирим сураганга даярмын. Ал эми директорлор кеңешине 5 киши сунушталган, алар комиссияда көз карандысыз эксперттер болуп келишкен накта адистер болушкан. Аларды 10 депутаттан турган комиссия мүчөлөрү тандашкан. Мен ошолордун фамилияларын долбоорго киргизгем. Анан жанагыдай Чыныбай Акундун арам ою болгон соң баарын чийип салып, анда ар бир фракция бирден бергиле дегем, бул да стенограммада турат. Тилекке каршы, ал күнү Жогорку Кеңештен колдоо таппай долбоор өтпөй калган, деп билдирген депутат С.Жапаров.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter