28 февраля 2013, 12:34

А.Жээнбеков Ж.Жолдошевага: Абактагы төрт депутатты тосмодон мен секиртип, түрмөгө мен отургузган эмесмин

 

А.Жээнбеков Ж.Жолдошевага: Абактагы төрт депутатты тосмодон мен секиртип, түрмөгө мен отургузган эмесмин

Абактагы төрт депутатты тосмодон мен секиртип, түрмөгө мен отургузган эмесмин, деп билдирди Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 28-февралда пленардык жыйында.

Ал мындай пикирди депутат Жылдыз Жолдошеванын «сиз спикер болуп турганда 4 депутат камакка алынды», деген билдирүүсүнө жооп берип жатып айтты.

Төрага белгилегендей, депутаттардын камалышына ал күнөөлүү эмес. Абакка барып, алардын деп соолугунан кабар алып турат.

«А эмне себептен буга чейин бейкүнөө атылып кеткен 5 депутатты айтпайсыздар? Эки күнөөсүз адам менен Медет Садыркулов өрттөлүп өлтүрүлгөн, муну эмнеге айтып чыккан жоксуздар?», - деди төрага.

Ал депутаттарды өзү иштеп жаткан парламентти курулай жамандай бербөөгө чакырып, Жогорку Кеңеш дурус иштеп жатканын айтты.

«Азыр акчаны үнөмдөп иштеп жаткан биздей орган жок, Кудайга шүгүр десеңиздер. Унчукпай койсо, жооп жок деп ойлобогула, жооп дайыма бар. Унчукпай коюу да кээде жакшы жооп, бирок, буга чейин да айтылды эле. «Азыркы спикердин тушунда» деп айыптап жатасыздар. Буга чейин электр энергиянын наркы эки эсе болгон. Пенсионер, студенттерден телефондук сүйлөшүү үчүн 60 тыйындан негизсиз кармалып турган, «Түндүк электр», «Чыгыш электр» ААКлары ит бекер сатылып кеткен, муну эмне айтпайсыздар? Биз бул көйгөйдүн баарын жөнгө сала алдык. Бүгүнкү парламент Кудайга шүгүр иштеп жатат. Ачыктыктын негизин парламенттик демокаратия түзөт. Идеалдуу дегенден алысмын, бирок көч бара-бара түзүлөт», - деп билдирди А.Жээнбеков.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter