28 февраля 2013, 12:51

Атамбаевди "сүйбөй" атышат

Атамбаевди "сүйбөй" атышат

Жаз алды баягы жакаңды карманчуу окуялар башталчуудай көрүнүп турат. Дегеним, Түштүктө, айрыкча Жалал-Абад, Ошто эл жаалданып, Атамбаев бийлигин кыртышы сүйбөй, "кетсин” дегендерге кошулуп турган кербези. Эгер оппозициянын көкүтмөйү күч алса бийликти басып алуу оңойго эле турчудай. Ишенбесеңер эл аралап көргүлө. Атамбаев, Текебаев бийлигин тебелеп салгылары келип туру. Анын үстүнө Ташиевдин 7-каналы бүт элди буруп алыптыр. Так что, абал кооптуу. Бийлике келгендердин көздөрүн май басып, айланасындагы кошоматчылардан башканы көрбөй, "сиз кыйынсыз, абал жакшы” деген мактоого маарып калчуу адаттары бар эле. Атамбаев да кой үстүнө торгой жумурткалаган замандай койкоюп, жалаң өзүн жактагандарды, жасакерлерди, байларды жандатып Японияга кетти. Жагалданган жасакерлер эртең жаныңда жок болорун экс-президенттердин тагдырынан эле билсек болот. Андыктан эртең ээрден шыпырылып калбайын десеңиз Алмаз мырза элге барыңыз, элге... 

Булак: "Айбат”.   

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter