28 февраля 2013, 13:02

“Иттин өлүгү” башка жерге көмүлгөнбү?

“Иттин өлүгү” башка жерге көмүлгөнбү?

Акыркы эки жылда Кыргызстаныбызды "партия” деген илдет жакшы эле чырмап алды окшобойбу. Дегенибиз, бийликке кайсы партия келбесин кыргыздын, "өз корообуздан кочкор салабыз” деген принцибин ураан кылып алышкандары жакшы жышаан эмес экендигин бардыгыбыз деле түшүнүп турсак дагы, аныбызды оңдоп-түздөөгө мойнубуз жар бербей турган чагы.

Азыркы атка минерлерибиздин, мейли акими, мейли министри болобу, баскан өмүр таржымалына көз салсаң айдоочунун - аким, дүкөнчүнүн - губернатор болуп күн өткөзүп жаткандарын көрүп туруп таңкалбай кое албайсың. Ошолордун арасында колунан дагы, тилинен дагы келген, иш билги азаматтарыбыз  жок эмес. Бирок дагы алар мүчө болгон партия бийликтен кетсе эле, алардын деле ээлеген кызматтарынан кол жууп жаткандары, Кыргызстаныбыздын келечегине кайдыгер эмес ар бир жаранды ойлонтпой койбосо керек.

Мына, жакында эле, бел чечпей иш алып барып жаткан маданият министри И.Жунусовдун тегерегиндеги уу-дуу кептер буга жакшы мисал болуп берчүдөй. Деги эле акыркы күндөрү бул министрдин ар бир кадамы  эл башкаргандарыбыздын катуу көзөмөлүндө тургансыйт. Өкмөттүн чыгарган токтомун аткарам деп, улуттук консерваториянын "түшпөс” жетекчиси атанган М.Бегалиевдин  "умно” уюштурган ызы-чуусу жаңы эле басылгандай болду эле, мына минтип кыргыз элин бүт дүйнөгө тааныткан Ч.Айтматовдун атын алып жүргөн Орус драма театрынын жетекчиси Б.Воробьев мырза өз "өнөрүн” баштап турган кербези.

Орус туугандарыбыздын "Самая хорошая защита - это контратака” деп таамай айтылган сөзүн  Б.Воробьев мырзанын кылык-жоруктары тастыктап тургансыйт. Казактын улуу даанышман акыны Абай Кунанбаев: "Жакшы адамдын жүзү болоор жаркылдаган, жакшы адамга сөз калбайт го айтылбаган. Бүркүттүн жумурткасын салсаң дагы, каргадан карга туулар каркылдаган” дегендей, арадан бир топ жыл өтсө дагы баягы  "Феникс” фирмасын жетектеп, спирт сатып өз өмүр жолун баштаган Б.Воробьев мырзанын бизнесмен бойдон калганы өкүнүчтүү. Бизнесин спирт сатуудан баштап, Военно-Антоновкадагы унаа базарын куруудан аяктаган Борис мырза өткөн өмүр жолун "кар жаады, из басты” деп ойлосо терең жаңылышат. Анда дагы жөн жүрбөй өзүнүн азыр оозун толтуруп айтып жаткан "черныйларынан” эсинен кеткис болуп таяк жеп, минип жүргөн "Чероки” жолтандабасын тарттырып жибергени жөн жеринен болбосо керек.  Мамлекет ичинен мамлекет куруп алган бул эргулду ушул убакытка чейин, кой деген кожосу, ай деген ажосу болбоптур. "Момунуңду билип алдым, моюунуңа минип алдым” дегендей, өз билген боткосун чалып жаткан Бокени аз болсо дагы тизгиндей коеюн деген министрлик жетекчилери минтип "паракор” атка конуп отурушат.”Министр менден  ачыктан ачык 20 миң доллар пара сурап жатат” дегени, албетте, суу кечпеген кеп. "Кыз боозуса, энесин коркутат” болуп пресс-конференция берип, элди дүрбүтүп жаткандыгынын сыры башка жакта катылып жаткансыйт. Министр болуп туруп кол астындагыларынын кемчилигин айта албаса, комиссия түзүп жасаган иштерин иликтеп жыйынтык чыгара албаса, таланып-тонолуп жаткан мамлекеттин мүлкүн инвентаризация жасатып, кемчилик кетсе тийиштүү чара көрө албаса, анда эмнеси министр!

Кээ бир жетекчи сөрөйлөрдүн кетирген кемчиликтерин көзгө сайып ачыкка чыгарса, анысы Азиз Батукаев менен коркутса, өкмөттүн токтомунун аткарылышын талап кылса, мунусу консерваториянын жамаатын чогултуп, будуң-чаң кылып, ызы-чуу чыгарса, деги андай "Өздөрүн өздөрү билген, өтүктөрүн төргө илген” жетекчи сөрөйлөрдүн керектери канчалык деген суроо туулбай койбойт экен. Башка министрлерге салыштырмалуу жаңыча көз карашта иш алып барып жаткан И.Жунусовдун ишин Премьер-министрибиз көрсө дагы көрмөксөн, билсе дагы билмексен болуп жаткандыгы, албетте, өкүнүчтүү. Болбосо, алты күндүк тажрыйбасы бар Атахановду колдоп, ИИМде болгон чогулушта оозун толтура сүйлөгөн Жантөрө Сатыбалдиев мырза мырзалыгын көрсөтүп, жаңыча көз карашта иш алпарып, жанагыдай өтүктөрүн төргө илгендерди тартипке чакырып жаткан И.Жунусовду колдоп эки ооз сөз таба албай тургандыгы "иттин өлүгү” башка жакта көмүлүп жаткандай ой калтырат. Же Ж.Сатыбалдиевдин (ал кезде Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын жетекчиси)  оюнда 2011-жылы Алай районунун Чыйырчыкта Тилекей баатырга арналып эстелик ачылгандагы И.Жунусов (ал кезде вице-премьер-министр) менен ортодогу болуп өткөн азил-чыны аралаш кайым айтышуусу сакталып калды болду бекен?! Кыргызым "Эр азаматтын ичине эр токуму менен ат батат” дечү эмес беле?!

Неси болсо дагы И.Жунусов маданият тармагындагы баштаган реформасын аягына чейин чыгарышы абзел.

Соңку сөз ордуна

Макала басууга даяр болгондо биз жогорудагы сөз кылган Б.Воробьев эмгек жолун баштаган Сокулук районунан  бир топ аттуу-баштуу окурмандарыбыздын колу коюлган кат келип түштү.  Б.Воробьевдун, "жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей,  "кылык-жоругу” камтылган бул каттын негизинде журналисттик иликтөөбүздү баштадык. Буюрса, жакын арадагы чыгарылышта, бул эргулубуздун бардык "өнөрлөрүн” төкпөй-чачпай окурманыбыздын ортосуна салсакпы деген жакшы ниетибиз бар.

Акырында беттен алганды жакшы өздөштүргөн Борис мырзага төмөнкүлөрдү эскерте кетмекчибиз.

  1. Бул макаланы жунусовчулар буйрук менен атайын жаздырган жок, макаланын автору Ибрагим мырза менен тууп бүтүп турмушунда учурашып дагы көргөн жан эмес.
  2. Б.Воробьевдун айта турган сын-пикирлери, каяшасы болсо, журналисттик этиканы сактай отуруп, каалаган саныбызда өзү каалагандай орун берүүгө биз, редакция жамааты, даярбыз.

Гезит чыгаарда биз сөз кылган маданият министри И.Жунусовдун ээлеген кызматынан четтетилгени маалым болду. Мындай шашылыш чечимдин артында кандай сырлар катылуу болду экен?! Телефон аркылуу Ибрагим мырза менен байланышканыбызда, башка аткаминерлерибизден айырмаланып, албууттанып, "саясый буйрук, соттошом, оттошом, мени жактагандарды чогултуп митинг жасайм” дебестен, "бул табигый көрүнүш, мамлекет башчыларына эч кандай таарынычым жок” деп дагы да өзүнүн жогору маданияттуулугун көрсөтүп сылык-сыпаа жооп берди. Эмне демекчибиз, Ибрагим мырза, сиздин министрлик креслоңузду алса дагы, сиздин кудай берген талантыңызды, эл арасындагы өзүңүздүн маңдай териңиз менен чогулткан кадыр-баркыңызды эч ким ала албай тургандыгына биз ишенебиз. 

Булак: "Параграф”

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter