28 февраля 2013, 13:07

Бекназаровдун бизнеси төңкөрүшпү?

 Бекназаровдун бизнеси төңкөрүшпү?

Атамбаев бийлигине нааразы элдин жаалданып турганын көргөн Бекназаров баштаган оппозициянын чырагына май таамп, жазда жанчып түшөбүз деп турган кези. Адегенде Бекназаровдор парламентти, өкмөттү таратабыз деген максат коюшту эле. Эми парламент, өкмөт баарыбир тарайт. Атамбаевди кетиребиз, болбосо оңбойбуз деп атышат. Каржы жагынан "Ата Журттун” лөктөрү жардам кылышып, сыртка байма-бай каттап, Азикең болсо акча менен башы оорубай, "кетсин” дегендердин башкармасы болуп туру. Айтмакчы, Бекназаровду өткөн апта Атамбаев, Текебаевдер чакырып прокурорлукту, Конституциялык палатанын төрагалыгын бералбай калдык, эми премьер-министрликти берели бизге кел дешет. Азикең эски таарынычын эстеп, буга чейин бербеген бийлигиңдин эми кереги жок, Конпалатага талапкерлигимди койгондо бут тостуңар деп чалкасынан кетиптир. Бу Башбаканга кызыкпаган кандай неме? Же Бекназаров тополоң салып, төңкөрүш жасап пайда таап кынык алып калганбы? Акүйдөгүлөр Азимбектин бизнеси төңкөрүш болуп калган турбайбы деп шыпшынышат. Анан калса оппозицияда Бекназаровдон башка баштаак эч кими жок окшойт. Атамбаевдин бийлигин кетиргенге кызыкдар көп, бирок ушу Бекназаровдун баштаганы жакпай турат. Баягы эле экстер. 


Булак: "Айбат”.  

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter