28 февраля 2013, 13:36

Ибрагимди иттей шыбашып

Ибрагимди иттей шыбашып

Ибрагим Жунусовду министрликтин аты өзгөртүлгөнүнө байланыштуу кыязында кызматтан алды. "Оңтою келсе орсок, уй саабай жаным жокпу" –дегендей эле болду. Анткени Сатыбалдиев кантип кетирерин билбей атты эле оңтою келе калды. Жунусовдун кызматтан кеткенинин бир топ себеби бар. Бир кезде Сатыбалдиевди (Ош, Жалал-Абадды калыбына келтирүү дирекциясында директор болуп турганда) токмоктогону, экинчиси Муратбек Бегалиевди кызматтан кетирбөө үчүн коргогон Үсөн Сыдыковдун өтүнүчүн аткарбай койгону, үчүнчү орус драм театрынын башчысы, "каралар” крышовать эткен Воробьевду кызматтан айдайм дегени... Үсөн ака Жунусовго аз күн башта эле телефон чалып: "эй үка, Бегалиевге тийишпе, тилими албасаң өзүң кетесиң" кыязда дегени, анан Сатыбалдиевге чалып ректорду ордунда калтырганын, минтип министр кызматтан шыпырылып калганын көрүп Сыдыковдун дале күчү бар экен дедик. Жантөрө аканын жүрөгү жок белем, Воробьевдун "караларынан” коркуп, мунун да өтүнүчүн аткарды дешет. Эми Жунусов көтөрүп чыккан маданият министрлигиндеги мафиянын бети ачылабы-жокпу азырынча белгисиз. Баягы Пушкиндин "Кармагыла ууруну, кармагыла, деп ууру жүрөт" дегендей болуп, Ибрагимди иттей шыбашып, ууру кылышып тим болобу? 

Булак: "Айбат”. 

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter