28 февраля 2013, 14:37

ЗАГСка катталбасаң молдекелер нике кыйбай, айлаңды кетиреби?

ЗАГСка катталбасаң молдекелер нике кыйбай, айлаңды кетиреби?

Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс” фракциясынын депутаты Айнура Алтыбаева ЗАГСка катталмайынча никеге тыюу салган мыйзам долбоорун кайрадан көтөрүп чыкканга ниеттенүүдө. Анын айтымында шарияттын мыйзамдары менен жашап, кийин кокустан ажырашып кеткен аялдар баш калкалаар жери жок көчөдө калууда. Ошондуктан бул мыйзам долбоору ишке кирсе анда мамлекеттик каттодон өтпөгөн жарандарга нике кыйган молдокелер жоопкечиликке тартылып, үй-бүлө курган жаштардын дагы турмушка болгон көз караштары өзгөрөт.

"Мисалы Түркияда дагы ислам динин тутунушат, бирок ал жакта ЗАГСтан өтпөгөн түгөйлөргө нике кыйылбайт. Биз дагы ушундай жолго барышыбыз керек”, - дейт депутат айым.

Эске сала кетсек, А.Алтыбаева буга чейин аталган мыйзам долбоорун депутаттардын элегине салып, бирок колдоо тапкан эмес.


булак:kyrgyz today
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter