28 февраля 2013, 14:45

И.Айдаралиев: Министрликтеги "бардакка" Өмүрбек Бабанов менен анын «оң колу» Төрөгул Беков деген эрендер күнөөлүү

И.Айдаралиев: Министрликтеги "бардакка" Өмүрбек Бабанов менен анын «оң колу» Төрөгул Беков деген эрендер күнөөлүү

Өкмөт башчылыгына келген Бабанов сындуу жаштар, «реформа кыла коймокчубуз» деп министрликти талкалап салышты. Бул тууралуу экс-министр Искендербек Айдаралиев «Учур» гезитинин 28-февралда чыккан санына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба министрлигинин алдындагы каржылык абалы жакшы департаменттердин бардыгын өздөрүнө, өкмөткө каратып алышты. Анткени, ал кызматтарга өздөрүнүн адамдарын дайындашы керек. Ал эми жер айдалбай калып, мал кыргынга учураса эле «айыл-чарба министрлиги каякты карап отурат?» дешип, ур-тепкиге алып калышат. Керек болсо, министрликтеги илимий окуу борборлорду дагы министрликтин карамагынан бөлүп, айыл-чарба институтуна өткөрүп салышты. Министрликтеги мыйндай көйгөйлөрдү айта берсе, баштан ашат.

«Мунун баарына өкмөттүн башына келе калып, далбастаган Өмүрбек Бабанов менен анын «оң колу» Төрөгул Беков деген эрендер күнөөлүү. Айыл-чарба министрлигиндеги «бардак» иштердин бардыгы Бабанов өкмөттү жетектеп турганда болуп кетти. Анын реформасынын жыйынтыгы бүгүнкү күндө чаң-тополоң гана болуп калды. Курутуп кетишти да. Ошон үчүн азыркы премьер-министр айыл-чарба министрлигиндеги бөлүнгөн департаменттердин бардыгын министрликке каратып, функционалдык милдеттерин күчөтүп, көзөмөлдөшү керек», - дейт ал.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Отправить новости WhatsApp News
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter