4 марта 2013, 09:51

А.Келдибеков: Башкалардын акчасын эсептеген жокмун да

А.Келдибеков: Башкалардын акчасын эсептеген жокмун да
Буга чейин менин мүлктөрүмдү санаган макалалар кээ бир гезиттерге чыкты, аларды буюртма кылган балдарды, материалдарды кимдер топтогонун, кимдер жазганынан бери билем. Бул тууралуу «Ата Журт» фракциясынын депутаты Акматбек Келдибеков «Алиби» гезитинин 4-мартта чыккан санына берген маегинде билдирген.

«Менин декларациямда бардыгы ачык айтылган. Мен ага көңүл да бурбайм. Манас көчөсүндөгү «Айгюн иншаат» деген компания курган үйдө 3-4 квартирасы бар экен деп жазыптыр. Мен ошол 3-4 квартираны тең ошолорго бердим. Ким барып, ошол жерден менин квартираларымды тапса, алышсын. Белекке бердим, тапса кирип жашай беришсин», - дейт ал.

Уялыш керек да. Башкалардын акчаларын эсептеген жокмун да. Чет өлкөлөрдөгү мейманкана, завод жана башкаларды эсептеген жокмун. Ал жактагы бир объектинин баасы асманды чапчыйт. Мен алардын деңгээлине түшкүм келген жок. Ал эми менин жашыра турган эч нерсем жок. Бардыгы декларацияда ачык көрсөтүлгөн, деп кошумчалайт ал.

Булак : «Алиби»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter