4 марта 2013, 09:58

Ө.Бабанов: Эгер дагы бир жолу революция боло турган болсо, анда Кыргызстан дүйнөлүк картада жок болот

Ө.Бабанов: Эгер дагы бир жолу революция боло турган болсо, анда Кыргызстан дүйнөлүк картада жок болот
«Сөздүн башында эле тактык үчүн айтып коёюн, «Жазда митинг болот экен, аны Бабанов каржылайт экен» деп эл арасында тараган сөз чындыкка коошпойт», - дейт экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Алиби» гезитинин 4-мартта чыккан санында берген маегинде.

Жазында митингдер болобу же жокпу, мен аны билбейт экенмин. Ал эми «митингдерди Бабанов каржылай турганы» тууралуу айтсам, бул эл арасында тараган сөздү айрым бир күчтөр чыгарып жатат. Мен эч кимди каржылаган жокмун жана каржылабайм. «Оппозицияны жыйнап, жазында митингке чыгам» дегендерге кошулган эмесмин жана кошулбайм дагы. Мындай маалымат кечээ же бүгүн чыга калган жок, 3-4 айдан бери сөз болуп келе жатат. Мен Роза Исаковна менен жолукпаганыма 3 ай болду. Биз телефон менен сүйлөшүп ал-ахыбалды сурашып турдук, бирок жолуккан эмеспиз. А.Бекназаров, А.Келдибеков менен да 3 айдан бери жолуга элекмин.

Туура, бийликке отурган адамдар да, эл да, мен да «мына жакында митингке чыгышат» деген сөздөр бат-бат айтылып жатканын угуп жатабыз. Эмне себептен мындай сөздөр чыгууда? Маселенин төркүнү кайда? Бул келди-кетти же бекерчиликтен улам айтылган маселе эмес. Демек, элди тынчсыздандырган көйгөйлөр бар. Маселенин төркүнү элдин жашоосуна, өлкөнүн экономикалык турмушуна келип такалат. Эгер элдин жашоосу жакшы, экономика өнүгүп-өсүп жаткан болсо, кадрлар жакшы иштеп жатса, азыркыдай имиш-имиштер болмок да эмес», - дейт экс-премьер-министр.

Ооба, «жакында дагы төңкөрүш, дагы бир революция болот экен» деген сөздөр бар. Аны укпагандай, билбегендей түр көрсөткөнүбүз туура эмес. Эгер дагы бир жолу революция боло турган болсо, анда Кыргызстан дүйнөлүк картада жок болот. Ал экиге эмес, жетиге бөлүнөт. Бул эң биринчи коркунуч. Экинчиден, сырткы инвестицияны айтпаганда, ички инвестициянын баары жокко чыгат. Үчүнчүсү, төңкөрүш же революция болуш үчүн себептер болуш керек. Мисалы, А.Акаев 15 жыл мамлекетти башкарып, анын үй-бүлөсү: аялы, баласы, күйөө баласы баш болуп бардык тармактарга кийлигишти. Бакиев 5 жылдын ичинде чалмакейди чалып, журналисттерден баштап, президенттик администрациясына чейин өлтүрттү. Экономиканын бардык тармагын басып алды. Ал эми азыркы президентибиз Алмаз Шаршенович Атамбаевдин иштегенине 1 жыл болду. Мен анын «үй-бүлөсү бизнеске кирип жатат» деген сөздү уга элекмин, бул биринчиси. Экинчиси, туура, анын тегерегиндегилер жөнүндө ар кандай сөздөр бар. Бул чындык. Мен ойлойм, президенттин айланасындагылар жаман болсо, бул президентти кетирүү же ишеним көрсөтпөй коюу үчүн себеп боло албайт.

Президентти эл шайлаган. Демек, ал өз мөөнөтү бүткүчө отуруш керек. Идеалдуу адам болбогондой, президент да бардык адамга жагышы мүмкүн эмес, ал деле адам. Эгер жыл сайын, 2 жыл сайын президентти алмаштырып, төңкөрүш кыла берсек, үчүнчү төңкөрүш болсо, «анда эмнеге төртүнчү төңкөрүш, бешинчиси болбошу керек?» деп адатка айланып кетет. Анда биз туура эмес, коркунучтуу жолго түшүп алабыз да, мамлекетибизди толук жоготуп коюшубуз мүмкүн. Бизге мамлекет керекпи же жокпу?, деп кошумчалады Ө.Бабанов.

Булак : «Алиби»
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Подписаться на наш Telegram канал и в будьте в курсе!
Nazgul
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Материалы за неделю

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2018

Нашли ошибку?
Выделите текст и нажмите Ctrl+Enter