6 марта 2013, 10:03

Каракол шаарынын экс-мэри И.Өмүрканов баарына ыраазы экенин билдирди

Каракол шаарынын экс-мэри И.Өмүрканов баарына ыраазы экенин билдирди-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри өз каалоосу менен иштен кетүү боюнча 3-мартта премьер-министирге арыз жазган. Бул тууралуу аймактык кабарчы Замир Асаналиев билдирди.

Маалыматта мэр башка кызматка орношуп жаткандыктан, өз каалоосу менен кеткендигин билдирген. «Мен өз каалоом менен арыз жаздым. Себеби, башка кызматка которулуп жатам. Азырынча 12-мартка чейин өзүм иштеп турат болушум керек. Мен баарына ыраазымын, нааразычылыгым жок», - деди И.Өмүрканов.

Эскерте кетсек, 2012-жылдын 28-апрелинде шаар мэрин шайлоодо Ишенбек Өмүрканов депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болуп, Каракол шаарынын мэринин кызматына бекитилген.

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021