6 марта 2013, 10:14

Калем сап гранатага «айланганда»

Кесиптешибиз, бир эсе эшиктешибиз, калеминен кан тамганы менен кара чымынга да зыяны жок Рыспек Өмүрзаковду сүрү күч, бирок сөөлөтү анчейин эмес болуп калган УКМК кызматкерлери кудум террористти кармагандай кармашып, бир күн бою «Илбирс» ишканасынын үчүнчү кабатын жаап турушту. Бул тууралуу «Кереге» гезити 6-мартта чыккан санында маалымдайт.

Буга чейин, Р.Өмүрзаков Акаев бийлигинин да запкысын жеп, «Республика» гезитинин кызматкери катары камакка алынган. Бирок анда да өз позициясынан тайган эмес. Учурдун күрөө тамырын кармай билген, кесибине, абийирине камчы чаппаган бул кесиптешибиздин иш бөлмөсүнөн үч граната табылды дегенине азырынча журналисттер эле эмес, жалпы коомчулук ишенбей, «саясий заказ» деп жатышат. Анткени журналист Р.Өмүрзаков жаңы эле Ош, Жалал-Абад кандуу окуялары боюнча терең изилденген китебин окурман журтчулугуна сунуштаган, деп кошумчалайт гезит.

Булак : Кереге
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021