6 марта 2013, 10:25

И.Карыпбеков депутат Ы.Кадыралиеванын билдирүүсү боюнча Башкы прокуратурага кайрылат

5-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиева мени кафеде жүргөн ЖК депутаттарын шантаж кылуу максатында сүрөткө тартып жатат деп билдирди, деп маалымдады "Баракелдеге" КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Илим Карыпбеков.

Анын айтымында, Ы.Кадыралиеванын айткандары чындыкка дал келбейт. Жогорку бийликтин бутагындагы кызмат адамы депутаттык мандатына таянып, ушундай болжолдуу маалыматтарды таратканы өкүндүрөт.

«Ы.Кадыралиева мыйзам чыгаруу органынын өкүлү болуп туруп, мен тараптан шантаж болуп жатат деп Кылмыш кодексинде көрсөтүлгөндөй оор кылмышка күнөөлөп жаткандыгын түшүнөт. Ушуга байланыштуу мен башкы прокурор А.Саляновага депутаттын билдирүүсү боюнча кылмыш ишин козгоо жана аны объективдүү изилдөө боюнча расмий түрдө кайрылам», - деди ал.

Сиздин мындай билдирүүңүз буга чейин «Де-факто» гезитине сиздин сүрөтүңүз менен кошо чыккан материалга карата реакцияңыз болушу мүмкүн. Эгерде ал материалга карата сизде кандайдыр-бир дооматыңыз болсо, анда аны чыгарган журналистке, гезитке, башкы редакторуна, негиздөөчүсүнө карата гезиттин редакциясына кайрылыңыз же укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Мындай нерселер жөн калбашы керек, деп кошумчалайт ал.

Ошондой эле И.Карыпбеков депутатты жеке тааныбагандыгын жана буга чейин көзмө-көз жолукпагандыгын кошумчалады.

Тема боюнча: Депутат Ы.Кадыралиева: И.Карыпбеков депутаттарды сүрөткө тартып алып, шантаж кылып атат

Булак : Баракелде
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021