6 марта 2013, 10:37

Жол «тудэй» - “Саясий салынды» Сариевдин санжырасы

«Арамзачылыктын анатомиясын» армансыз жадыбалдай жаттаган Аргенбаевич, 2000-жылы ЖКга депутат болуп келер менен Үзөңгү-Куушту Кытайга беребиз деген акаевчил топтун башында турган. Ал 2005-жылдагы мартта эл көтөрүлгөнүн чымын чаккандай да көрбөй, боло турган "спикерша” Бермет Аскаровнага гүл десте тартуулап, тойлоп жүрдү. Бакиевдин заманында "высокопоставленный” депутат Сариев "Чүй чүйлүктөрдүкү” –деген ураан менен чыгып, чүйлүк кыргыздар менен чүйлүк эмес кыргыздарды кагыштырууга чейин барган. Ушул ураандын биринчи этабын ишке ашыруу үчүн: "Оштуктарды Чүйдөн сүрүп чыгабыз”-деп жаш балдарды ат мингизип көкүткөнү бар. 2006-жылы КСДПга кирип, 2007-жылы Атамбаевди чанып кеткен. Максим Бакиев менен жең учунан сүйлөшүп, өнөктөштөрү БЭКти Атамбаевди баш кылып садага чаап, "саясий салындыга” айланганын азыр тана албайт. Ошол президенттик шайлоодо Сариевди тааныбаган, тааныса да Чүйдөн кубалап жатканы үчүн жек көргөн Ош, Жалал-Абад, Баткенден добуштун барын жасатып, Атамбаевден ашып келбеди беле? Анын премьер-министр болом деген амбициясы ишке ашпай, айланып БЭКке келгени менен, "кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууган” кылыктарын көпчүлүк биле бербейт. 2010-жылдын апрелинде ал Москвага учуп барат. Москва аны сүйүп атыптырбы, Бакиевдерге "кол бала” конструктивдүу оппозицияда жүрсө. Анда премьер-министр Владимир Путин аны жакын жолоткон да эмес. Бирок ортомчулар аркылуу байланышса керек. Темир Сариев "темир канат” менен Бишкекке учуп келгенде оппозиция лидерлери бүт камалган. Алар камалып жаткан мезгилде Темир Сариев Ак үйгө келип, Ак үйдүн түндүк жагындагы өтмө пункттан премьер-министр Данияр Үсөновго телефон чалат. Өкмөт башчысы Үсөнов өзүнө кабыл албай, 7-апрелде саат 11-лерде ылдый түшүп келип, Темир Сариевдин башын жазып, биртке убакытын бөлөт. Экөө эмне жөнүндө сүйлөшкөнү белгисиз, болжолу Москвага барып, эмне кылып келгенинин отчетун берсе керек. Данияр Үсөнов түз эле президент Бакиевге кирип, андан чыккан соң Жогорку Кеңешке барып, митингди басып коёбуз деп, коменданттык саат киргизүүгө уруксат алат. Москвадан Сариевди "саясий салынды” экенин билип, купуя  сырларын ачмак беле. Сариев болсо, оппозициянын башка лидерлери жаткан абакка алып барылып, элдин көзүнчө камалды деп эсептелгени менен: "Мен элди митингге уюштурууга чыкпайм” –деп "расписка” жазып, кайра кете берген. Ошол бойдон ал коңулда жатып, кечке маал башка оппозиция лидерлери чыга баштаганда, кайрадан премьер-министр Данияр Үсөнов менен байланышып, алардын бейкапар өлкөдөн чыгып кетишинин айласын көргөн. "Ак Шумкары” карга-кузгунга айланып калганда, мурун эң жек көргөн адамым деп эсептеген Алмаз Атамбаевдин алдына "саясий салынды” катары келип, экономика министрин мыкчып отурат. Уйкусунан бүгүн ойгоно калгансып, "Кум-Төр, Кум- Төр”-деп айгайды сала баштады, ошол Кум-Төрдү канадалыктар алып жатканда экинчи жана үчүнчү чакырылыштагы  парламентте депутат болуп отурбады беле? Анда үнү бүтүп калды беле?
 

"Кыргызтудэй
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021