6 марта 2013, 12:21

Жалал-Абад. Митингге чыккан энелер облустук администрациянын имаратынан сыртка чыгыша элек

Жалал-Абад. Митингге чыккан энелер облустук администрациянын имаратынан сыртка чыгыша элек5-мартта Жалал-Абад шаарында депуттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун бошотулушун талап кылып митингге чыккан энелер үйлөрүнө кетишпей облустук администрациянын имаратына түнөп калышкан болчу. Бүгүн, 6-мартта алардын имараттан сыртка чыкпай жатканы белгилүү болду. Энелердин бири менен телефон аркылуу байланышып жагдайды сурасак, түнкүсүн электр жылыткычтары жагып беришкенин, талаптар аткарылмайынча сыртка чыкпай тургандыктарын айтты. Айта кетсек, облустук администрациясынын алдында митинг уланууда.


булак:super kg
 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021