6 марта 2013, 12:53

Төрага А.Жээнбеков: Азыр парламентти таркатууга эч негиз жок

Бүгүн, 6-мартта өтүп жаткан Жогорку Кеңеш жыйынында Ташполот Балтабаев баш болгон бир катар депутаттар митингдер башталып, парламентти таркатуу тууралуу имиш сөздөр айтылып жаткандыгын, ал маселе боюнча тиешелүү органдардын маалыматын угуу менен, парламенттин көз карашын билдирип коюу зарылдыгы жөнүндө ойлорун ортого салды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун пикиринде, азыр парламентти таркатууга эч негиз жок. 2005-жылкы окуяда жетиштүү негиз болгон, 2010-жылкы окуяда жетиштүү негиз болгон, ошондон улам эл бийликке каршы көтөрүлүп чыккан. Азыр андай себеп жок. Бул парламенттин таркашына жеке кызыкчылыгы бар саясий күчтөрдүн гана чыгарып жаткан имиши.

купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021