6 марта 2013, 13:03

УКМК кызматкерлери 63 килограмм гашиш табышты

Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы афган өндүрүшчүлөрүнөн чыккан ири өлчөмдөгү гашиш баңгизатын табышкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Анда маалым болгондой, жогоруда аталган кызматтын кызматкерлери тарабынан 5-март күнү Сокулук районунда Баткен облусунун  1971-жылы туулган тургунунун "Фиат” үлгүсүндөгү унаасы токтотулат. Тинтүү учурунда унаанын ичинен үч капрон баштыкта гашиш табылган.  Жалпы салмагы 63 килограмм 257 граммды түзгөн.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, бул баңгизаты сатыкка коюлмак. Ал эми кармалган жаранды үй мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмү күтүп турат.

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021