6 марта 2013, 13:16

"Ар-Намыс" фракциясы такси фирмаларынын жоопкерчилигин катуулатууну сунуштоодо

Кыргызстанда жүргүнчүлөрдү ташыгандардын жоопкерчилигин катуулатуу сунушталууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин бүгүнкү 6-марттагы жыйынында "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Абдырахман Маматалиев алып чыкты.

Анын айтымында, жүргүнчү ташыган жеке фирмаларга милдеттүү түрдө лицензия киргизүү керек.

Мыйзам долбооруна ылайык, лицензияны транспорт каражаттары күн сайын техникалык кароодон өткөн, айдоочулары болсо наркологдон текшерилген фирмаларга гана берүү каралган.

"Такси фирмаларын лицензия алууга милдеттендирүү керек. Эгер аны алуу тартибин бузган компания болсо, аны жүргүнчүлөрдү ташуу укугунан ажыратып, каттоосу Юстиция министрлигинен алынат", - дейт Маматалиев.

Анын оюнча лицензия берүү жүргүнчүлөрдү ташыган жеке компанияларды тартипке салат . Бул өз кезегинде жолдогу коопсуздук деңгээлин жогорулатат.

булак:vb kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021