6 марта 2013, 13:25

Төөсү жорго парламент

Биздикиндей окуясы укмуш парламентти дүйнөнү беш кыдырып таба албайсың. Анткени "Ата журт” фракциясынын төрт сокудай депутаты темир тор артында отурганы менен депутаттык кол тийбестигинен эч ким ажырата албай койду. Бирок, алардын жардамчылары, кымча белдери өз орундарында эле жылбай олтурушат сүрөткө түшө тургансып. Аларга эмгек акыны төлөп жатса керек да? Дагы бир депутат Нурлан Сулайманов болсо чет өлкөдө качып жүрөт баш калкалап. Эгер сүйрөгөн калбыры болбосо ал парламентте эле отурмак кнопканы басып.

Мындан сырткары "Республика” фракциясынан Исхак Пирматовго деле алда качан сыйыртмак ыргытылган. Капыстан парламент таркап кетсе аны да темир торго тыгып коюшат. Ошондуктан анын да тамагынан оокат өтпөй жүрөт. Парталашы Э. Обдуновго да тузак тартылган. анын деле акыбалы дурус эмес. Негизги былыгы чыгып калчу бизнесмен депутаттар арбын. Анткени алар ичпеген жердин алдында деген принцип менен далай миллиондорду сугунуп  жиберишкен. Санай келсек, жөтөлгөндө тили оозунан көрүнгөн депутаттар аз эле. Аларды көпөс эл өкүлдөрү анчалык тоотуп коюшпайт. Төөсү жорго парламенттин келечеги бүдөмүк экени талашсыз.


 

Булак: "Мекен Инфо" 
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021