6 марта 2013, 13:56

Гүлбайра Гайбылдаева, үч эм балдардын апасы: “Үч баламдын мүнөзүн саясатчы үч инсанга окшоштурушат”

 Мындан эки жыл мурун борборубуздан эң алыс жайгашкан райондордун бири Лейлектин Ак-Терек айылынын тургундары Гүлбайра Гайбылдаева жана Жыргалбек Масеитовдун үй-бүлөсүндө сүйүнүч болуп, үч эм эркек балдар жарыкка келип,  ошол кезде төрага болуп турган Ахматбек Келдибеков, президент Алмазбек Атамбаев, ошондой эле Өмүрбек Бабановдун урматына балдардын аттары Акматбек, Алмазбек, Өмүрбек коюлган. Бул кубанычка ортоктош, Жогорку Кеңештин депутаттары Төрага фондунан 1 миллион каражат бөлүп,  жаш үй-бүлөнүн кубанычына кубаныч кошушкан. Ошол наристелер, кудайга шүгүр, быйыл 17-февралда 2 жашка толушту. Лейлек жергесинде жашап жаткан үч эм наристелердин апасы Гүлбайра Гайбылдаева балдары тууралуу кенен маек куруп берди.

- Гүлбайра, кандайсыңар, Ахматбек, Алмазбек, Өмүрбекти аман-эсен чоңойтуп жатасыңарбы?

- Жакшы, кудайга шүгүр, 17-февралда 2 жашка толушту.

- Аа, жакшы. Февралда төрөдүң беле, мен эмнегедир эле 21-март Ноорузда төрөлсө керек эле ойлоп жүрбөйүмбү?

- Туура эле, себеби биз мартта да төрөт үйүндө элек. Нооруз майрамын өткөрүп, анан чыкканбыз. Жергиликтүү бийлик кийлигишип, "жакшыраак карап, анан үйүнө чыгаргыла” дешкенинен, чилдебизди чыгарып 40 күн төрөт үйүндө болгонбуз. Сиз ошондо журналист катары келген турбайсызбы, билесизби, балдарды ырымдап төрөт үйүнүн үч эшигинен алып чыкканбыз. Аны ошол кезде 100дөн ашкан Шахсанам тайнем (апамдын тайнеси эле) айткан болчу, быйыл ал киши 105 жашында көзү өтүп кетти, балдарымдын өмүрү ошол тайнесинин узак  өмүрүн тартсын деп тилек кылып жүрөм.

- Негизи турмушта урук-туугандарда эгиздер болгонбу?

- Таэжем эгиз төрөгөн экен, жолдошум тараптан билбейм, эгиздер жок го дейм, мурда эле болбосо.

- Наристелердин салмактары канча төрөлүштү эле?

- 2 кг, 2кг 10 грамм, Алмазбек 1 кг 700 грамм төрөлгөн.

- Кийин балдарды кантип торолтуп алдың, кыйналган жоксуңбу?

- Жок, кыйналбай эле, эми балдардын түйшүгү болот да.

- Үйдөн жардамчыларың бар да?

- Кайненем бар, бирок кайненем 70 жаштан ашып калды, кемпирди кошо карашым керек, карылык да, тамак-ашын карап турбасаң болбойт.

- Жолдошуң Жыргалбек ошол кезде төбөсү көккө жетип сүйүнүп жүрдү эле?

- Ии, балдарымдын атасы Жыргалбек чынында эле уулум Уланбектен кийин үч уулунун жарык дүйнөгө келгенине абдан кубанган. Азыр деле балдары менен көбүрөөк убара. Сүлүктүдө шахтада жакшы эле иштеп жатты эле, быйыл кокустук болуп бутун сындырып алып, ал да көбүнчө кыш күндөрү төшөктө болду. Азыр балдак менен басып жүрөт. Уланбек уулум 2-класста окуп калды, ошол балдарды каралашат.

- Пособие аласың да ээ?

- Ии, баарына биригип 3 миң сом алабыз.

- Өзүң иштебесең, Жыргалбек да бутун кокустатып алган болсо, каражатыңар жетип жатабы же кемпирдин пенсиясына "кол салып” жатасыңарбы?

- Ошону айтсаңыз, туура эле энемдин пенсиясын караган күндөр да болуп жатат. 3 миң сомго өзүңүз билесиз да, азыр эчтеке дагы келбейт.

-Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан миллион сом берилди эле ээ?

- Ооба, биздин депутатыбыз сессияда сүйүнчүлөп, анан Төраганын фондунан миллион сом беришкен. Ага райондун борбору Исфанадан жер участок алганбыз, үй салалы деген ниетибиз бар.

- Ак-Терек айылы тогуз жолдун тоомунда эмеспи. Депутаттар Лейлекке жолу түшкөндө силерден кабар алышкан чыгар?

- Назарали Арипов бир жолу келип көрүп, балдарга белек-бечкегин берип кеткен. Чынында миллион сом каражатты бөлүштүрүүдө ал киши жакшы жардам берди. Акимдин орун басары Марипат Жалиловна дагы биздин ал-абалды сурап турат.

- Балдардын мүнөздөрү кандай?

- Башкалар Акматбек чындап эле Келдибековго, Алмазбек - Атамбаевге, Өмүрбек - Бабановго окшош экен деп күлүп калышат. Мен ал кишилердин мүнөзү кандай экенин деле билбейт экенмин (бул сөздү Гүлбайра саясаттан алыс, жөнөкөй айылдагы келин, эне катары айтты). Бирок, балдарым күлкүлүү эле, шок балдар. Буларды карап кээде кыял-жоруктарына күлө беребиз.

- Кээде эгиздер, эгер кыз болсо, бири эркек мүнөз болуп калган учурлар болот, балдардын, тескерисинче, кызга окшош назиги да барбы?

- Жок, үчөө тең эле эркек балага окшош, урушканда урушуп кетишет, анан тил табышып ойноп калышат. Уйкусураганда бирин-бири жактырбай калышат.

- Канчага дейре эмизип жүрдүң?

- 1,5 жашка чейин эмишти окшойт, октябрда чыгардым да. Бирок эмизип, кошумча тамак деле берип жүрдүм.

- Кимисинин тили биринчи чыкты?

- Өмүрбектин тили биринчи чыкты, эми булардын тили азыр "немисче”, бирин түшүнсөң, бирин түшүнбөйсүң. Али кичинекей да, "апа, ата, чув, нана-кака” деп эптеп түшүндүрүшөт.

Булак: "Обон”
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021