6 марта 2013, 14:03

Жапаров Экономика министрлигинин алсырашын Темир Сариевге байланыштырды

  Экономика министрлигинин фискалдык саясат функциясын жоготушу – экономика министри Темир Сариевдин профессионал эместигинин кесепети. Бул тууралуу экс-финансы министри Акылбек Жапаров "ВБ"га билдирди.


"Экономикалык өсүш жагынан жана президент тарабынан сунушталган Кыргызстандын өнүгүү стратегиясынын аткарылышында Экономика министрлиги башкы кыймылдаткыч болушу керек. Бүгүнкү күнү бул кыймылдаткыч талкаланып – монополияга каршы жана фискалдык саясат бөлүнүп алынууда. Министрликтин божомолдоого жүргүзгөн бир гана функциясы калды. Бул туура эмес. Мына профессионал эместер министрликти же башка жактарды жетектегенде эмне болот. Алар өз позициясын жоготот", - дейт экс-министр.

Жапаров ошондой эле, эгер Экономика министрлиги ага жүктөлгөн милдеттерин так аткарганда структуралык жана функционалдык өзгөрүү болмок эмес деп кошумчалады.


булак:vb kg
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021