6 марта 2013, 14:10

Жалал-Абадда мөөнөтсүз митинг башталды

12:30 Камакка алынган "Ата Журт" партиясынын депутаттарын колдоп жана "Кумтөр" боюнча түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну талап кылып Жалал-Абадда мөөнөтсүз митингге чыккандар учурда боз үй тигишүүдө. Митинг тууралуу Жалал- Абаддан  журналист Нуреля Умаралиева билдирүүдө.

Анын айтымында, учурда аянтта 300дөн ашык киши бар. Митинг өткөрүү үчүн мэрия менен укук коргоо органдарынан уруксат алынган.

Эске сала кетсек, аталган митинг кечээ башталган. Анда, 8-мартка чейин "атажуртчу" депутаттарды чыгарууну талап кылгандар обладминистрациянын жыйындар залына жууркан-төшөнчүлөрүн алып келип жайгашып алышкан.  

Кошумчалай кетсек, "Ата Журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов 2012-жылдын 3-октябрында митинг өткөрүп бийликти басып алууга аракет жасашкан деген айып менен соттолууда. Бирок депутаттар бул боюнча козголгон кылмыш ишин саясый заказ деп эсептешет.

13:00 Жалал- Абаддагы атажуртчу депуттарды колдоп уюштурулган митинг уланып жатат. Катышуучулардын саны 1000ден ашуун. Өкмөттүн Жалал- Абад облусу боюнча ишенмдүү өкүлү Жусубалы Төрөмаматов чыгып, алардын талаптарын бийликке жеткирүүгө убада берди.

13:40 Жалал- Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей,  атажуртчу депутаттарды  колдоо максатында уштурулган  митинг мыйзам чегинде өтүп жатат. Тартип бузуулар болгон жок.

15:30 Атажуртчу депутаттарды абактан чыгарууну талап кылып митингге чыккандар акырындык менен таркап жатышат. Бирок, боз үйлөр алынган жок, анткени митинг эртең кайра уланат. Мындан сырткары, 56 аял обладминистрациянын жыйындар залында кайрадан калышты. Алар талаптар аткарылмайынча чыкпай түнөшөөрүн дагы бир ирет эскертишти. 

булак:кыргыз тудей
купить mobil 1 10w60 отзывы mobil 1 10w60 отзывы интернет магазин автомасел
Дискуссия еще не началась.
Вы можете оставить первый комментарий.

Информация

Комментировать статьи на сайте возможно только в течении 360 дней со дня публикации.

KABARLAR.ORG 2021